Бирөө 700 миң сом... Жолдогу коопсуздук үчүн 20 радар сатып алынат

© Sputnik / Табылды КадырбековПосттогу жол кайгуул кызматкери. Архив
Посттогу жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Жазылуу
Ведомство жолдордогу транспорттун ылдамдыгына байкоо салыш үчүн 20 радарды 14 миллион сомго сатып алмакчы.
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык ылдамдыкты лазер менен өлчөгүчтөрдү (радар) сатып алууга ниеттенип жатат.
Бул боюнча жарыяланган конкурс мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган.
Ага 14 миллион сом бөлүнөрү, ар биринин баасы 700 миң сомду чапчый турганы айтылган. ЖКККББ андай аппараттан жыйырманы ала тургандыгын билдирген.
Анын техникалык мүнөздөмөсү жана сатып алуунун шарттары аталган порталдын сайтында көрсөтүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0