Кечээтен бери коронавирус дагы үч кишинин өмүрүн алды. 11-ноябрдын маалыматы

© Sputnik / Александр Патрин / Медиабанкка өтүүОоруканадагы медициналык кызматкер
Ооруканадагы медициналык кызматкер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Жазылуу
Өткөн суткада илдет илештиргендердин көбү Бишкек шаары менен Чүй облусунан чыккан. Нарын облусунда коронавирус жуктурган учур катталган эмес.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 108 адамдан коронавирус табылып, 118 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 47;
  • Чүй облусу – 35;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 9;
  • Жалал-Абад облусу –9;
  • Баткен облусу – 5.
Адам COVID-19дан вакцина алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Вакцинанын арты менен оору азайды! Жапаров элди эмдөөдөн өтүүгө чакырды
Илдет илештиргендердин жалпы саны 182 090го жетти. Анын ичинен 176 510 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, вакцина албагандар арасында дагы үч бейтап коронавирустун курмандыгы болгон. Аларды кошкондо өлкөдө оору жалпы 2 697 адамдын өмүрүн алды.
Азыркы тапта стационарда 552, ал эми амбулатордук шартта 797 адам дарыланып жатканы айтылды.
Бир сутка ичинде өлкөдө 12 924 адам эмделген, анын ичинен 5 325и вакцинанын биринчи дозасын алса, 7 599 киши экинчи дозасын сайдырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0