Кыз реабилитациялоо катары ваннаны алып жатат

Адис: COVID-19 гипертония илдетин пайда кылып, кан тамырларды иштен чыгарууда

144
(жаңыланган 10:00 11.11.2021)
Дарыгердин пикиринде, коронавирустан кийинки синдромдун негизги белгилеринин бири —  кан басымынын көтөрүлүп кетиши. Буга вирустун нерв системасына тийгизген кесепети себеп болууда.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Коронавирус инфекциясы кан басымында эч качан көйгөй болбогон адамда дагы гипертония илдетин пайда кылышы мүмкүн. Бул тууралуу Sputnik радиосунун эфиринде кардиолог, медицина илимдеринин доктору Заурбек Шугушев айтып берди.

Дарыгердин пикиринде, коронавирустан кийинки синдромдун негизги белгилеринин бири —  кан басымынын көтөрүлүп кетиши. Буга вирустун нерв системасына тийгизген кесепети себеп болууда.

"Нерв системасындагы өзгөрүүлөргө кан басымы көнө албай өтө жогорулап же түшүп кетиши мүмкүн. Мисалы, мурда төмөн же нормада жүргөн кан басым жогорулап, ал эми мурда көтөрүңкү болуп тургандардыкы, тескерисинче, ылдыйлап кеткен учурлар кездешип жатат", — деди дарыгер.

Адистин айтымында, коронавирустан сакайган адамдар кан басымын байкап туруусу керек. Эгер мурда 140 деген көрсөткүч менен жашап жүргөндөрдүкү эми 160 болуп калса, сөзсүз дарыгерге кайрылуу зарыл.

"Жогорку кан басым кан тамырлардын ички катмарына терс таасир этип, формасын бузат. Ал эми коронавирустан кийин кыйналып турган организмде бул процесс бир нече эсе бат жүрөт. Тагыраагы, кан тамыр иштен чыгышы үчүн жылдар талап кылынса, коронавирустан кийин бир нече апта эле жетиштүү", — деди кардиолог.

Адис коронавирустун кесепети жеңил болуусу үчүн эмдөөдөн өтүүнү сунуштайт.

144
Белгилер:
коронавирус, ден соолук, кан басымы
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1615)
Тема боюнча
COVID: 46 адам ооруп, 3 бейтап каза болду. Соңку маалымат
Окумуштуулар COVID-19дун жайылуусун токтотууга жөндөмдүү азыкты тапканын айтышты
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Архив

Акылбек Жапаров үй-бүлөсү менен батирде жашап, 7 унаа айдайт. Декларация

132
(жаңыланган 16:08 06.12.2021)
Өкмөт башчынын аянты 77,5 чарчы метрди түзгөн бир гана батири бар. Чыгымдары жана башка мүлкү тууралуу жазылган эмес.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр 815 357 миң сом киреше тапкан. Бул туурасында анын Салык кызматына тапшырган декларациясында көрсөтүлөт.

Өкмөт башчынын аянты 77,5 чарчы метрди түзгөн бир гана батири бар. Чыгымдары жана башка мүлкү тууралуу жазылган эмес.

Ал эми жакын туугандары өткөн жылы 96 миллион 745 миң 719 сом пайда тапкан. Алар беш контейнер жана жети автоунаага ээлик кылат.

Контейнерлери жана аянты:

  • Контейнер — 22,7 чарчы метр;
  • Контейнер — 1026,6;
  • Контейнер — 192;
  • Контейнер — 1021,7;
  • Контейнер — 67,6.

Автоунаалары:

  • Mercedes-Benz 210;
  • Mercedes-Benz 410;
  • Mercedes-Benz 409;
  • Mercedes-Benz 208;
  • Mercedes-Benz 811;
  • Mercedes-Benz 7100;
  • Mercedes-Benz 308.
132
Белгилер:
Акылбек Жапаров, декларация, автоунаа, контейнер
Тема боюнча
Садыр Жапаров жана анын үй-бүлөсү кандай мал-мүлккө ээлик кылары жарыяланды
Карылар жана балдар үйүндө жашагандардын тамактануусуна 2 эсе көп акча бөлүнөт
Киши сом купюралары менен. Архив

Карылар жана балдар үйүндө жашагандардын тамактануусуна 2 эсе көп акча бөлүнөт

35
(жаңыланган 15:40 06.12.2021)
Буга чейин тамак-аш үчүн күнүнө бир адамга 110 сом каралса, жаңы жылдан кийин ал 220 сомго көтөрүлөт.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Социалдык чөйрөнүн айрым мекемелеринде тамактануу чыгымдарынын акчалай ченемдерин көтөрүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мындан ары жетим балдар үйү, карылар үйү жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана адамдар баш калкалаган жайларда тамактанууга бюджеттен эки эсе көп каражат бөлүнөт. Тагыраак айтканда, буга чейин күнүнө бир адамга 110 сом каралса, эми ал 220 сомго көтөрүлөт. Муну менен катар министрлер кабинетине бир топ талаптар коюлду.

2022-жылдын 1-январынан баштап тамактануунун акчалай ченеми 100 пайызга көбөйтүлө турган жайлардагы жарандар:

  • Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мекемелериндеги балдардын, улгайган жарандардын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, анын ичинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын;
  • Билим берүү жана илим министрлигинин мекемелериндеги жетим балдардын, ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдардын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын;
  • Саламаттык сактоо министрлигинин адистештирилген реабилитациялоо борборлорундагы (балдар үйлөрүндөгү) балдардын;
  • Ушул жарлыкты ишке ашыруу үчүн кошумча финансы каражаттарын тапсын жана бөлүп берсин;
  • Өзүнүн чечимдерин ушул жарлыкка ылайык келтирсин.

Эске салсак, мамлекет башчы ишемби күнү Беловодск айылындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барганда бул боюнча тийиштүү тапшырманы берген.

35
Белгилер:
Садыр Жапаров, тамак-аш, мекеме, көтөрүү
Тема боюнча
Садыр Жапаров: дыйкан менен фермерлер жер салыгынан бошотулат
Кыргызстандагы эң көп пенсия 179 миң сом экени маалым болду
Уялам. Соцфонддун башчысы Кыргызстандагы пенсия тууралуу оюн айтты