Түндө Жалал-Абадда 4 баллдык жер титирөө болду

© AFP / CHRISTIAN MIRANDAУлуттук сейсмологиялык борбордун кызматкери. Архив
Улуттук сейсмологиялык борбордун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Жазылуу
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бел-Алды, Сары-Сөгөт, Коргон жана Толук айылдарында сезилген.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтуна таянып кабарлады.
Жер титирөө кечээ, 10-ноябрь күнү, саат 23:41де катталган. Ал Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бел-Алды, Сары-Сөгөт, Коргон жана Толук айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0