Руслан Казакбаев Италиядагы кыргыздар менен жолукту

Казакбаев Италиядагы кыргыздар менен жолукту. Мекендештер көтөргөн маселелер

56
(жаңыланган 11:12 11.11.2021)
Министр менен жолуккан  жарандар Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүн, дипломдорун Италияда таануу, эки өлкөнүн окуу жайларынын окуу пландарын шайкеш келтирүү сыяктуу маселелерди көтөрүшкөн.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италиянын Рим шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Рим, Болонья, Казерта, Неаполь, Кальяри, Сардиния, Флоренциядагы кыргыз диаспоралык бирикмелердин, ассоциациялардын жетекчилери жана активисттер менен жолукту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

  • Министр иностранных дел Руслан Казакбаев встретился с лидерами диаспоральных объединений, ассоциаций и активистами во время официального визита в Италию. 11 ноября 2021 года
    Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италиянын Рим шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Рим, Болонья, Казерта, Неаполь, Кальяри, Сардиния, Флоренциядагы кыргыз диаспоралык бирикмелердин, ассоциациялардын жетекчилери жана активисттер менен жолукту
    © Фото / пресс-служба МИД КР
  • Лидеры диаспоральных объединений, ассоциаций и активисты на встрече с министром иностранных дел КР во время официального визита в Италию. 11 ноября 2021 года
    Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз жарандары Италияда жүрүүнү жеңилдетүү тууралуу айтып, пенсия жана социалдык камсыздандыруу, Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүн, дипломдорун Италияда таануу, Кыргызстан жана Италия окуу жайларынын окуу пландарын шайкеш келтирүү сыяктуу маселелерди көтөрүшкөн
    © Фото / пресс-служба МИД КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МИД КР
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италиянын Рим шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Рим, Болонья, Казерта, Неаполь, Кальяри, Сардиния, Флоренциядагы кыргыз диаспоралык бирикмелердин, ассоциациялардын жетекчилери жана активисттер менен жолукту

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз жарандары Италияда жүрүүнү жеңилдетүү тууралуу айтып, пенсия жана социалдык камсыздандыруу, Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүн, дипломдорун Италияда таануу, Кыргызстан жана Италия окуу жайларынын окуу пландарын шайкеш келтирүү сыяктуу маселелерди көтөрүшкөн. Ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын Италиянын аймагында иштөөсү үчүн квота берүүсүн камсыз кылуу боюнча да көңүл бурууну сунушташкан.

"Мекендештер Кыргызстандын Италиядагы элчилигинин ишине ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин айтышты. Анын алкагында Италиянын ар кайсы аймактарында кыргыз тилин, кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын үйрөнүү боюнча маданий-агартуу борборлорун түзүүнү сунуш кылышты", — деп жазылат маалыматта. 

Казакбаев кыргызстандыктардын Италияда жашоо жана иштөө маселелери тиешелүү долбоордук макулдашуулардын алкагында карала тургандыгын белгилеген.

56
Белгилер:
Руслан Казакбаев, Италия, мекендештер, маселе, жолугушуу
Тема боюнча
Бишкек Римдин эстеликтерди сактоо, турист тартуу тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыгууда
Казакбаев Рим папасы менен жолукту: Ватикан кыргыз тарапка эмне сунуштады. Сүрөт
Медицинский работник и пациент c COVID-19 в отделении реанимации и интенсивной терапии в центральной клинической больнице РЖД-Медицина в Москве.

Коронавирустун 53 жаңы учуру катталып, үч адам көз жумду. Статистика

1
(жаңыланган 09:49 01.12.2021)
Өлкөдөгү ооруканаларда медициналык жардам алып жаткан 378 кишинин ичинен 30унун абалы өтө оор деп бааланды.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 53 адамдан коронавирус табылып, 102 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 18;
  • Чүй облусу – 10;
  • Ош облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 7;
  • Жалал-Абад облусу – 7;
  • Баткен облусу – 8.

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 183 404кө жетти. Анын ичинен 178 332 адам дартты жеңген.

Тилекке каршы, бир суткада Чүй облусунда үч адам коронавирустун курмандыгы болгон. Алардын вакцина албаганы айтылды. Муну менен жалпысынан 2 749 киши оорудан каза болду.

Азыркы тапта стационарда 378 бейтап, ал эми амбулатордук шартта 466 киши дарыланып жатат. Ооруканада медициналык жардам алып жаткандардын ичинен 30унун абалы өтө оор.

1
Сахнадагы кыз. Архив

Балага эл алдында сүрдөбөй сүйлөөнү үйрөтүү керекпи? Психологдун пикири

23
Адис эч качан баланы кыйнап, бирөөлөрдүн алдында ырдатып-бийлетпеш керектигин айтат. Андан көрө өз эрки менен өнөрүн көрсөткөн учурда мактап, көңүлүн көтөрүп коюу зарыл.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Балага кичине кезинен баштап эл алдына чыгып сүрдөбөй сүйлөөнү үйрөтүүнүн канчалык зарылдыгы бар? Бул тууралуу РИА Новости агенттигине маек берип жатып Россиянын билим берүү тармагындагы психологдор федерациясынын мүчөсү, педагог-психолог Юлия Челышева айтты.

Алгач адис балага эл алдына чыгып сүйлөөнүн кандай пайдасы бар экенин түшүндүрдү.

"Сүйлөп жаткан адам ар дайым жалгыз болот. Аны угуп жаткандардын бардыгы ага карама-каршы турат. Ошол кезде бала канчалык өзүнө ишенип, жакшы сезсе, кийин ошончолук төгөрөгү төп келген адам болуп чоңоёт. Ал эми айтаар сөзүн таппай калган, уялчаак болуп чоңойгон кишини кийин оңдоо өтө татаал", — деди Челышева.

Ошондой эле ал балага публика алдында сүйлөөнү кантип үйрөтсө болорун айтып берди.

"Эч качан наристени кыйнап, коноктордун көзүнчө ырдатып, бийлетпеш керек. Анткени адам көпчүлүк учурда бирөөнүн баасынан коркот, өзүнө жакпаган сөз угуп калса чүнчүйт. Андан көрө үй-бүлө мүчөлөрүнүн арасында сүйлөп, жакшы өнөрүн көрсөткөндө мактап, жакшы сөздөрдү айтып коюу зарыл", — деди психолог.

Адис сөзүнүн аягында бала уялчаак болсо, аны алгач жалгыз киши эмес, топ-топ болуп иштеген спорттук же башка ийримдерге катыштырган жакшы экенин айтат. Анткени ал жалгыз эмес, артында командасы бар экенин билгенде акырындык менен өзүнө болгон ишеними бекемдей баштайт.

23
Белгилер:
бала, психология, комплекс, уялчаактык, публика, сүрдөө
Тема боюнча
Балага акчаны туура колдонгонду кантип үйрөтсө болот? Адистердин кеңеши
Бала татуировка жасатып, чачын жашылга боёйм десе эмне кылуу керек. Адистин кеңеши