Кишенчен адам. Архив

Тажик чек арачылары кыргызстандыкты кармап кетип, 18 күндөн бери коё бере элек

255
(жаңыланган 11:58 11.11.2021)
Кыргызстандын жаранын кайтаруу маселеси боюнча эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда эки ирет сүйлөшүү болгон.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматы быйылкы жылдын 21-октябрында Лейлек районунун Сада тилкесинде Тажикстандын УКМК кызматкерлери Кыргызстандын жаранын кармап кеткенин кабарлады.

Ал 24 жаштагы Айдарбек Хайдаров болгон. Алдын ала берилген маалымат боюнча, тажик тарап Хайдаровду чек арадан мыйзамсыз өткөн деп айыптап жатат. Ал атасы жашаган Тажикстандын аймагындагы Пахтакор айылынан кармалган.

Белгилей кетсек, Сада жана Пахтакор айылдары маңдай-тескей жайгашкан.

Кыргызстандын жаранын кайтаруу маселеси боюнча эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда эки ирет сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Ошондой эле Баткен жана Согди облустарынын жетекчилеринин деңгээлиндеги жолугушуу болгон.

Маселе УКМК жетекчилигинин көзөмөлүндө экени, атайын кызмат кыргызстандыкты үйүнө кайтаруу үчүн бардык күчүн жумшап жатканы белгиленди.

255
Белгилер:
Мамлекеттик чек ара кызматы, кармоо, жаран, Лейлек району
Тема боюнча
Казакстан Кыргызстан менен Тажикстанга ок-дары жана атайын техника берет
Баткенде кыргызстандык чек арачынын унаасын тажик аскерлери ташка алды
Россиянын учагы Афганистандан жарандарды эвакуациялоо учурунда

Россиянын учактары Афганистандан элди алып келүүгө кетти. Ичинде КР жарандары бар

9
(жаңыланган 10:01 01.12.2021)
Россия лидери Владимир Путиндин тапшырмасы менен коргоо министри Сергей Шойгу Афганистан аймагынан элди эвакуациялоо үчүн үчүнчү ирет учак жиберген.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Россиянын аскердик-транспорттук үч учагы Афганистандан жарандарды эвакуациялап, гуманитардык жардам жеткирүү үчүн учуп кетти. Алардын бири Кабул шаарына барып конду деп билдирди РИА Новости.

"Россия лидери Владимир Путиндин тапшырмасы менен коргоо министри Сергей Шойгу Афганистан аймагына үчүнчү эвакуациялык иштерди уюштурду. Ал жактан Россиянын (380ден ашуун) жана ЖККУга мүчө болгон мамлекеттердин (Кыргызстан) жарандарын жана Россия аймагында окуп жаткан афганистандык студенттерди алып келет", — деп айтылган маалыматта.

Учактар Кабулга Подмосковьедеги Чкалов аэродромунан жөнөп кеткен.

Маалыматта россиялык аба кемелери афган элине эмне жардам алып барганы такталып жатканы жазылган.

9
Белгилер:
Афганистан, Россия, Кыргызстан, эвакуация, учак, гуманитардык жардам
Тема боюнча
Россия Афганистандан өз жарандары менен кошо кыргызстандыктарды ала чыгат
Медициналык кызматкер жана COVID-19 менен бейтап ооруканада

Коронавирустун 53 жаңы учуру катталып, үч адам көз жумду. Статистика

13
(жаңыланган 09:51 01.12.2021)
Өлкөдөгү ооруканаларда медициналык жардам алып жаткан 378 кишинин ичинен 30унун абалы өтө оор деп бааланды.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 53 адамдан коронавирус табылып, 102 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 18;
  • Чүй облусу – 10;
  • Ош облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 7;
  • Жалал-Абад облусу – 7;
  • Баткен облусу – 8.

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 183 404кө жетти. Анын ичинен 178 332 адам дартты жеңген.

Тилекке каршы, бир суткада Чүй облусунда үч адам коронавирустун курмандыгы болгон. Алардын вакцина албаганы айтылды. Муну менен жалпысынан 2 749 киши оорудан каза болду.

Азыркы тапта стационарда 378 бейтап, ал эми амбулатордук шартта 466 киши дарыланып жатат. Ооруканада медициналык жардам алып жаткандардын ичинен 30унун абалы өтө оор.

13
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, статистика, бейтап, оору
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
Жугуштуу илдеттер ооруканасы COVID жуктургандарды кайра кабыл алмай болду
Кыргызстанга кирүүдө 1-декабрдан тарта ПЧР-тест талап кылынат