Милиция: Чүйдө аял менен эркек изделүүдө, экөө тең 42 жашта

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкери. Архив
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Жазылуу
Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери көптөн бери изделип жаткан жарандарды табуу үчүн элден жардам сурап жатат.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Милиция Чүй облусунун эки тургунун издеп жатат. Бири дээрлик бир жылдан бери дайынсыз болуп жатса, экинчиси октябрь айында үйүнөн чыккан бойдон кайтып келбегенин Чүй облустук милициясынан билдиришти.
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиЖаманкулова Мээрим жана Ильенко Олег
Пропавшие без вести в Чуйской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жаманкулова Мээрим жана Ильенко Олег
Кант шаарынын 42 жаштагы тургуну Ильенко Олег Сергеевич былтыркы жылдын декабрь айында дайынсыз жоголгон.
Белгилери: бою — 172-177 сантиметр, чачтары кыска, күңүрт. Алдыңкы тиштери жок, төшүндө карышкыр тартылган татуировкасы бар.
Арест подозреваемого - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Бишкектин чок ортосунда аялын сабаган кишини таап, кармашты. Сүрөт
Ошондой эле Ысык-Ата районунун 42 жаштагы тургуну Жаманкулова Мээрим Жолдошевна изделүүдө. Ал үйүнөн ушул жылдын 15-октябрында чыгып кеткен.
Белгилери: бою — 155-160 сантиметр, арыкчырай. Чачы кара, кыска кыркылган.
Бул адамдар тууралуу көргөн-билгендер 0708 10-81-10 номерине кабарласа болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0