Өзбекстанда адам өлтүрүүгө шектелген жаран 5 жылдан соң Кыргызстандан кармалды

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүАбактагы адам. Архив
Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
Кармалган киши 2016-жылдан бери Өзбекстандын укук коргоо органдары тарабынан изделип, мамлекеттер аралык издөөгө да алынган.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Өзбекстанда киши өлтүрүүгө шектелген 38 жаштагы киши Кыргызстандан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Иш-чараны министрликтин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын өкүлдөрү жүргүзгөн.
"Кармалган жаран 2016-жылдан бери Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн. Ал ошол жылдан бери киши өлтүрүүгө шектелип, Өзбекстандын укук коргоо органдарынан изин жашырып жүргөн. Ошондой эле мамлекеттер аралык издөөдө болгон", — деп жазылган маалыматта.
Өзбекстандын жараны учурда Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун тактоо боюнча кошумча иш-чаралар жүрүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0