Бишкектин айрым райондору менен айылдарында 5 күн газ жок болот

© AFP / SHAUN CURRYГаз плита. Архив
Газ плита. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
"Газпром" ишканасынын кызматкерлери бул күнү жер алдындагы газ өткөргүчтөн газдын чыгуусун токтотуу үчүн оңдоо иштерин жүргүзөт.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын айрым райондорунда жана айылдарында 15-19-ноябрь күндөрү жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Бул күндөрү Осмонкул жана Древесная көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жер алдындагы газ өткөргүчтөн газдын сызылып чыгуусун токтотуу үчүн оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Газ берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:
Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Чары Гылыджов менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Жапаров Түркмөнстан менен газ алуу, өнүктүрүү фондун түзүүнү талкуулады
ЧЧК — Жогорку Ат-Башы каналы — Дачный чакан көчөсү — Алма-Ата — Гидрокурулушчулар — Аул — Курманалиев — Биринчи май — Логвиненко — Кыргыз — Айланып өтүүчү жол — Ала-Арча дарыясы — Бухара — Завод чакан көчөсү — Коллективная — Кырк-Чоро жана Аламүдүн айылы менен чектешкен аймактагы объектилерде;
Төмөнкү Ала-Арча айылы, Красный строитель, Кайыңды, Эне-Сай, Керамика, Чалбай жаңы конуштарында;
"Шоро", "Шин-Лайн", "Куликовский торт", "Сантех Заготовок" ишканаларында, Элебесов көчөсү, 211 дарегинде жайгашкан кургак учукка каршы шаардык ооруканада.
"Газпром Кыргызстан" компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, аталган убакыт аралыгында энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0