Бишкек мэри Свердлов районундагы турак жайларды мыйзамдаштыруу маселесин карады

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек мэри Айбек Жунушалиев
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
Калаа жетекчиси Айбек Жунушалиев Свердлов районун толугу менен жөө басып, короо ичиндеги жолдор жана мектептин айланасын жакшыртуу боюнча сөз болду.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкекте Сүйүмбаев, Киев, Осмонкул жана Москва көчөлөрүнүн ортосундагы аймакта салынып калган менчик турак жайларды мыйзамдаштыруу маселеси каралды. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.
Маалыматка караганда, калаа жетекчиси Айбек Жунушалиев көчмө жыйын өткөрүп, Свердлов районун толугу менен жөө басып, кыдырып чыкты.
Дарактын дүмүрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Мэрия Бишкекте дарактарды кыйып салган курулуш компанияга айып салды
Жогорудагы маселе боюнча "Бишкек башкы архитектура" ишканасына тапшырма берилди.
Ошондой эле Аламүдүн-1 кичи районундагы №40, 41 жана 42 үйлөрдүн короосундагы жолдорду оңдоо боюнча "Бишкекасфальтсервис" мекемеси тапшырма алды.
Мындан тышкары, №38 мектептин түштүк тарабына токтотулган автоунаалардан бошотуп, жол белгилери орнотулушу керек. Бул иштер менен Бишкек ШИИБинин жол инспекторлору менен "Бишкекасфальтсервис" мекемеси алектенмекчи.
Жаңылыктар түрмөгү
0