Өкмөт: аялдардын кризистик борборлорун каржылоо 20 млн. сомго жогорулайт

© AFP / GEOFFROY VAN DER HASSELTБаласын кучактап турган аял. Архив
Баласын кучактап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
Байсалов кийинки жылы өкмөт беш миллион сомду үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү тууралуу маалымат алууну жогорулатуу боюнча маалыматтык кампанияга бөлүп бере турганын да айткан.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинети 2022-жылы аялдардын кризистик борборлорун каржылоону 20 миллион сомго чейин көбөйтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун айтымына таянып өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Байсалов "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча тегерек столго катышып, зомбулуктан жабыркаган аялдарды коргоонун маанилүүлүгүн белгилеген.
"Мамлекет башчы менен жаңы министрлер кабинети өлкөдөгү үй-бүлөлүк зомбулук маселесине өзгөчө маани берет. Өкмөт зомбулуктан жабыркаган аялдардын жана кыздардын кызыкчылыгын сөз жүзүндө гана эмес, иш жүзүндө да коргоого алат. Атап айтканда, министрлер кабинети 2022-жылы аялдардын кризистик борборлорун каржылоону 20 миллион сомго чейин көбөйтүү жана беш миллион сомду үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйү тууралуу маалымат алууну жогорулатуу боюнча маалыматтык кампанияга бөлүп берүү чечимин кабыл алды. Быйыл кризистик борборлор үчүн 7 миллион сом бөлүнгөн", — деди ал.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары быйыл үй-бүлөлүк зомбулуктун 8 405 учуру катталганын айтып, бул көрсөткүч былтыр 6 060ка барабар болгонуна токтолгон. Сандардын өсүп жатышы арыздардын көбөйгөндүгүнөн гана эмес, милиция үй-бүлөлүк зомбулук фактыларды көп иликтей баштаганынан да кабар берерин кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0