Чоң Чүй каналына коюлган көпүрө бузулуп жатат. Себеби

© Sputnik / Табылды КадырбековЧоң Чүй каналындагы көпүрө. Архив
Чоң Чүй каналындагы көпүрө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
Атайын долбоордун экинчи фазасын ишке ашыруунун алкагында Турусбеков, Манас көчөлөрүнүн төмөнкү тарабы оңдолууда.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы Манас көчөсүндө жайгашкан Чоң Чүй каналындагы жөө адамдар өтүүчү көпүрөнү буза баштады.
Муниципиалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, ал жерге автоунаалар өтүүчү көпүрө куруу пландалууда.
"Долбоор боюнча реконструкциядан кийин көпүрөнүн узундугу 36,5 метрди, туурасы 11 метрди түзөт. Эки тарабынан жөө адамдар үчүн туурасы 2,25 болгон тротуар салынат. Оңдоо иштерин кийинки жылы бүткөрүү пландалууда", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, "Бишкектин көчө-жолдор тармагын жакшыртуу" долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруунун алкагында Турусбеков, Манас көчөлөрү Ташкенттен Щербаков көчөлөрүнө чейин реконструкцияланат. Аталган тилкенин узундугу  — 2,23 чакырым. Жол куруу иштерин China Road and Bridge Corporation подрядчы компаниясы Кытайдын грантынын эсебинен жасап жатат.
Мэрия шаардыктарды оңдоо иштерин түшүнүү менен кабыл алып, маршрутту алдын ала пландап алууну суранат.
Жаңылыктар түрмөгү
0