Бишкектин Ден соолук паркына бак отургузуу учурунда

Бишкекте "Ден соолук" паркына 120 бак отургузулду. Сүрөт

41
(жаңыланган 18:23 12.11.2021)
Бак тигүү иш-чарасына мэр Айбек Жунушалиев, Жусуп Абдрахманов атындагы коомдук фондунун төрагасы Мирбек Үсөнбаев жана коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев катышкан.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкекте "Ден соолук" паркына 120 бак отургузулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

  • Горожане участвуют в посадке деревьев в парке здоровья Бишкека
    Бишкекте "Ден соолук" паркына 120 бак отургузулду
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Горожане участвуют в посадке деревьев в парке здоровья Бишкека
    Билдирмеге караганда, бак-дарак Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата тигилди
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Мэр города Бишкек Айбек Джунушалиев участвует в посадке деревьев в парке здоровья Бишкека
    Бак тигүү иш-чарасына мэр Айбек Жунушалиев, Жусуп Абдрахманов атындагы коомдук фондунун төрагасы Мирбек Үсөнбаев жана коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев катышты
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Горожане участвуют в посадке деревьев в парке здоровья Бишкека
    Паркка бактын "каштан" жана "ясень" деген эки түрү отургузулган.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 4
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкекте "Ден соолук" паркына 120 бак отургузулду

Билдирмеге караганда, бак-дарак Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата тигилди.

Бак тигүү иш-чарасына мэр Айбек Жунушалиев, Жусуп Абдрахманов атындагы коомдук фондунун төрагасы Мирбек Үсөнбаев жана коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев катышканы кошумчаланды. Паркка бактын "каштан" жана "ясень" деген эки түрү отургузулган.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров "Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Анын алкагында быйыл өлкөдө бир катар республикалык деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда азыркы Ысык-Көл облусундагы Чиркей айылында манаптын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүсү, алгачкы кыргыз интеллигенциясынын эң көрүнүктүү өкүлү. Анын 1930-жылдары кыргыздарды ачарчылыктан сактап калышы тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калды.

41
Белгилер:
Бишкек, бак-дарак, парк, Жусуп Абдрахманов
Тема боюнча
Жумалиев: 2-3 жылда Бишкектеги бак-дарактар электрондук базага киргизилет
Күз бүтө электе ак карга оронгон Бишкек. Ордо калаанын асмандан көрүнүшү
Митингчилер. Архив

Таласта Дастан Жумабековдун шайланышына каршы болгондор митингге чыкты

74
(жаңыланган 16:49 30.11.2021)
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, Жумабеков атаандашы Назарбековдон 125 добуш айырма менен алдыда баратат.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Талас облусунун Кара-Буура районунда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон адамдар митингге чыкты.

Алар Кызыл-Адыр айылына чогулуп, №20 Манас шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Дастан Жумабековдун утуп чыгышына каршылыгын билдиришүүдө. Топтолгондор Жумабековду добуш сатып алууга күнөөлөп жатышат. Ошондой эле шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтышты.

Чогулгандар ушул эле округдан талапкерлигин койгон Мирлан Назарбековдун тарапташтары.

№20 Манас шайлоо округунда учурда бюллетендердин 96,41 пайызы кол менен эсептелип бүттү. Анда Жумабеков 13 171 добушка ээ болуп алдыда баратат. Ал эми Назарбеков элдин 13 046 добушу менен экинчи орунда турат.

74
Белгилер:
Дастанбек Жумабеков, Талас облусу, митинг, каршылык, шайлоо
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
БШКнын имаратынын алдында митинг өтүп жатат. Видео
Президент Садыр Жапаров. Архив

Атамды тынч койгула! Жапаров ага акаарат келтирген жарандарга жооп берди

360
(жаңыланган 16:26 30.11.2021)
Мамлекет башчы бийлик шайлоо процессине кандай кийлигишпеген болсо, БШКнын ишине да ошондой аралашпаганын айтты.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарууда БШКнын сайтындагы мүчүлүштүк үчүн анын атасына чейин асылып акаарат келтиргендер чыгып жатканын билдирди.

Мамлекет башчы Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу жасаган.

"Мага акаарат айтып, сөгүп-сагып, атама чейин сөз тийгизип, ишенбөөчүлүк көрсөтүп жаткан аттуу-баштуу эле "Кудайга ишенем" деп, дин жолунда жүргөн жарандарыма айтарым: урматтуу жарандар, мен дагы Кудайга ишенген адаммын. Ооба, атам өмүр бою Кудай жолунда жүргөн инсан. "Калыс бол, туура эмес жолго түшпө, куран окуганды үйрөн, намаз оку" деп 8-классымдан баштап үйрөткөн. Кудайым бейишинен берсин. Атамды тынч койгула", — деди Жапаров.

Аны менен катар бийлик шайлоо процессине кандай кийлигишпеген болсо, БШКнын ишине да ошондой аралашпаганын айтты. БШК тараптан дагы добуштарды бурмалоо болбогонун жана болбой турганын белгиледи.

360
Белгилер:
Садыр Жапаров, БШК, шайлоо, кайрылуу, акаарат
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Шайлдабекова: бул ирет мыйзамсыздыкты ооздуктоого бийликтин эрки жетти. Видео
Кол менен санагыла! Жапаров "добуштар уурдалды" деген партияларга кайрылды
"Ишеним" партиясынан Жогорку Кеңешке кимдер келе жатат? 12 талапкердин аты-жөнү
Жогорку Кеңештин жыйын залы. Архив

Эртең Жогорку Кеңеш үч депутаттын кол тийбестигин алуу маселесин карайт

0
(жаңыланган 17:19 30.11.2021)
27-ноябрда дагы эл өкүлдөрүнүн кол тийбестигин алуу боюнча ЖКнын кезексиз жыйыны пландалып, кворум жоктугунан өтпөй калган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары эртең, шаршемби күнү, жыйынга чогулат. Бул тууралуу маалымат парламенттин сайтына жүктөлдү.

Жыйын саат 10:00дө башталат. Күн тартибине ЖК депутаттары Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду, Бакыт Жетигеновду кол тийбестик укугунан ажыратуу маселеси киргизилген. Башкы прокурор Курманкул Зулушев аталган эл өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Анын сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлөт.

Мындан башка дагы 10го чукул мыйзам долбоорлору каралары күтүлүүдө.

Буга чейин 27-ноябрда дагы эл өкүлдөрүнүн кол тийбестигин алуу боюнча ЖКнын кезексиз жыйыны пландалып, кворум жоктугунан өтпөй калган.

Белгилей кетсек, Жээнбеков менен Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында. Ал эми Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен шайлоонун алдында кармалган.

0
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, жыйын, шайлоо, кол тийбестик
Тема боюнча
Атамды тынч койгула! Жапаров ага акаарат келтирген жарандарга жооп берди