Бишкекте ата-энеси жок алты бала прокуратуранын жардамы менен үйлүү болду

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүБатир. Архив
Батир. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
Бишкек шаардык мэриясы тарабынан мыйзам талаптары бузулуп, мурасталган кыймылсыз мүлктү аныктоо жана турак жайга муктаж болгон жетим балдарды каттоо боюнча иштер жүргүзүлбөгөндүгү аныкталган.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Ата-энесинен ажыраган алты бала өздөрүнө тиешелүү болгон батирлерди алышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, прокуратура жетим балдардын укуктарын коргоого багытталган мыйзам талаптарынын аткарылышы боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдарды текшерген.
"Натыйжада Бишкек шаардык мэриясы тарабынан мыйзам талаптары бузулуп, мурасталган кыймылсыз мүлктү аныктоо жана турак жайга муктаж болгон жетим балдарды каттоо боюнча иштер жүргүзүлбөгөндүгү аныкталган. Мындай балдардын укуктарын коргоо максатында көзөмөл органы шаардык мэрияга прокурордук чара көрүү актысын келтирген", — деп айтылат маалыматта.
Прокуратуранын сунушу каралып, жыйынтыгында Е.Ю., Б.И., Ж.Н., К. Н. Уулу, Э.Ж., жана А.Б. аттуу ата-энесинен ажыраган алты балага мэрия батир бергени кошумчаланды.
Белгилей кетсек, буга чейин мэрия калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин Бишкектеги балдар үйүнүн алты бүтүрүүчүсүнө батирдин ачкычын тапшырганын кабарлаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0