Оюнчук менен бала. Архив

Балдарды ур-токмокко алгандарды көргөндөр кайда кайрылса болот? Телефондор

61
(жаңыланган 10:40 13.11.2021)
Мэрия жашы жете электер арасында кылмыштуулукту азайтуу максатында шаардагы компьютердик клубдарда жана эл көп чогулган жерлерде рейд жүргүзүлө турганын белгиледи.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бишкек мэриясы калаанын ар бир районунда балдардын укугун коргой турган бөлүмдөр иштей турганын айтып, алардын телефон номерлерин жарыялады.

"Эгерде сиз балдарды ур-токмокко алып, аларга аёосуз мамиле жасап зомбулук көрсөткөндөрдү байкап же окуянын күбөсү болуп калсаңыз, Бишкектеги балдарга колдоо көрсөтүү бөлүмдөрүнүн телефондоруна кайрылыңыз", — деп жазылат маалыматта.

Балдарга колдоо көрсөтүү бөлүмдөрүнүн телефондору:

  • Биринчи май району — 0(312) 67-03-86;
  • Ленин району — 0(312) 88-38-99;
  • Свердлов району — 0(312) 53-05-76;
  • Октябрь району — 0(312) 51-03-75.

Мэрия жашы жете электер арасында кылмыштуулукту азайтуу максатында шаардагы компьютердик клубдарда жана эл көп чогулган жерлерде рейд жүргүзүлө турганын белгиледи.

61
Белгилер:
Бишкек, бала, коргоо, колдоо, телефон, бөлүм
Тема боюнча
Юрист 10 жашка чейинки балдардын укук, милдеттерин санап берди
Башкы прокурор Курманкул Зулушев. Архив

Кирешесинен чыгашасы көп. Баш прокурор Зулушевдин кандай мал-мүлкү бар

119
(жаңыланган 18:00 06.12.2021)
Баш прокурордун жакын туугандары былтыр 250 миң сом киреше тапса, чыгашасы 4,9 миллион сомго жеткен.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Салык кызматы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин мал-мүлкү тууралуу 2020-жылга карата тапшырган декларациясын жарыялады.

Документке ылайык, башкы прокурор бир жылда 750 722 сом иштеп тапкан, чыгашасы жазылган эмес. Ал Toyota (үлгүсү көрсөтүлгөн эмес) автоунаасына, 70 миң сомдук эмерек, 25 миң сомдук компьютер жана техникага ээлик кылат. Мындан сырткары, 250 миң сомго бааланган бодо малы, 700 миң сомдук жылкы, 1 650 000 сомдук таза кандуу аргымактары бар.

Ал эми жакын туугандары 2020-жылы 250 миң сом киреше чогулткан. Ошол эле учурда чыгашасы 4,9 миллион сомго жеткен. Алардын 119 чарчы метрлик турак жайы, аянты 8,1 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси бар.

Белгилей кетсек, Курманкул Зулушев 2020-жылдын октябрь айына чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген.

119
Белгилер:
Курманкул Зулушев, мал, мүлк, декларация, Башкы прокурор, туугандар
Тема боюнча
Жер тилкеси 20дан ашып... Жээнбеков президент болгондон кийин канчалык байыган
Садыр Жапаров жана анын үй-бүлөсү кандай мал-мүлккө ээлик кылары жарыяланды
Кишилер майрам учурунда. Архив

Бишкек мэриясы жаңы жылдык кечеден баш тартып, акчасын кайрымдуулукка жумшайт

39
(жаңыланган 17:40 06.12.2021)
Мэрия Бишкектеги башка эмгек жамааттарын бул демилгени колдоп, муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүүгө чакырат.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы жаңы жылдык кечеден баш тартып, ага кетчү каражатты кайрымдуулукка жумшамай болду. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Маалыматка караганда, мындай чечимди шаар жетекчилигине тиешелүү бардык мекемелер колдоду.

"Азыркыдай эпидемиологиялык жана экономикалык оор кырдаалда COVID-19 сыяктуу негизги көйгөйлөрдү унутпашыбыз керек. Андыктан аны менен күрөшүүдө калктын аялуу катмарына жардам беребиз. Бул максатта мэрия кызматкерлери жаңы жылдык көңүл ачуу кечесинен баш тартып, ага кеткен каражатка социалдык мекемелерге керектүү буюм-тайымдарды жана тиричилик техникаларын сатып берет", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан ташкары, мэрия Бишкектеги башка эмгек жамааттарын бул демилгени колдоп, муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүүгө чакырат.

Кайрымдуулук акциясын колдогон жамааттарга муниципалитет жардамга муктаж мекемелердин тизмесин бермекчи.

39
Белгилер:
Бишкек мэриясы, Жаңы жыл, кече, кайрымдуулук
Тема боюнча
Мэрия: быйыл Жаңы жылдын түнүндө салют атылбайт
2022-жылы кандай окуялар болот? Ванга менен Нострадамустун айткандары
Милиция кызматкерин фуражкасы. Архив

Бишкектин Октябрь райондук милиция кызматкери издөөгө алынды. Сүрөт

0
(жаңыланган 19:40 06.12.2021)
УКМКга кайрылган жаран милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын ээлеп алганын билдирген.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине издөө жарыялады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

С.Р. аттуу милиционер алдамчылыкка шектелүүдө.

  • Объявленный в розыск милиционер Октябрьского УВД. 06 декабря 2021 года
    Маалыматка ылайык, УКМКга О.А. аттуу жаран кайрылып, аты аталган милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын ээлеп алганын билдирген
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Объявленный в розыск милиционер Октябрьского УВД. 06 декабря 2021 года
    Тартип коргоо органынын өкүлү ар кандай шылтоолор менен ал каражатты кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз жазган
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Маалыматка ылайык, УКМКга О.А. аттуу жаран кайрылып, аты аталган милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын ээлеп алганын билдирген

Маалыматка ылайык, УКМКга О.А. аттуу жаран кайрылып, аты аталган милиционер кызматтык абалынан пайдаланып алдоо жолу менен анын 135 000 долларын ээлеп алганын билдирген. Тартип коргоо органынын өкүлү ар кандай шылтоолор менен ал каражатты кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу арыз жазган.

"Бул факт боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту жана 4-пункту ("Кызматтык абалынан пайдаланып өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. С.Р. издөөгө алынып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы (сыртынан) тандалды. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Атайын кызмат бул адамдан жабыркаган жарандар болсо (0312) 66-04-75 нөөмөт кызматынын телефонуна, 0702233243 WhatsApp номерине, ошондой эле күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктарга (ишеним телефондору) кайрылууну өтүнөт:

  • Чүй облусу: (0312) 54-07 19:
  • Жалал-Абад облусу: (03722) 5-60-49;
  • Ош облусу: (03222) 2-30-78;
  • Ысык-Көл облусу: (03922) 5-11-80;
  • Талас облусу: (03422) 5-20-43;
  • Нарын облусу: (03522) 5-08-49;
  • Баткен облусу: (03622) 5-00-33.
0
Белгилер:
УКМК, милиция, алдамчылык, шектүү, издөө
Тема боюнча
ИИМ: Москвада ишкерлерди 33 миң долларга алдап, таптырбай жүргөн киши кармалды
УКМК салыкчылар менен Транспорт министрлигинин кызматкерлерин кармады