Киши унаасын кардан тазалап жатат

Кышкысын автоунааны кантип бат жылытса болот? Адистин 6 кеңеши

434
Автордун айтымында, бул ыкмаларды айдоочулар угуп жүргөнү менен көп колдоно бербейт. Андыктан бардыгын тизмектеп, кайрадан сунушталды.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. "За рулем" порталы кышкысын автоунааны тез жылытууга жардам бере турган кеп-кеңештерди тизмектеди.

Автордун айтымында, бул ыкмаларды айдоочулар угуп жүргөнү менен көп колдоно бербейт. Ошондой эле ал автоунаанын баардык тетиктери туура иштеп, абалы жакшы болсо мотордун жылышына анча көп убакыт кетпей турганын кошумчалады.

Ал эми андан дагы тез жылытууну каалап, шашып жаткандарга төмөнкү кеңештер жардам берет:

  1. темир тулпарды жылуураак жерге токтотуңуз. Үстү жабык же шамал тийбеген жерге токтотсоңуз кийин автоунааны жылытуу оңой болот. Анткени ачык асман жана дайыма согуп турган жел мотордун ысышын жайлатат;
  2. мотор канчалык көп айланса,  автоунаа ошончолук бат жылыйт. Тагыраагы, газды басып, мүнөтүнө 2 000–2 500 жолу айланган абалга жеткириңиз;
  3. дароо күч келтирбегиле. Май муздак кезде тетиктерди ойдогудай майлай албайт. Ошол себептүү дароо күч келтирбей акырындык менен от алдыруу керек;
  4. автоматтык коробканын жардамы менен жылытууга болот. Тагыраагы, тормозду басып туруп D режимине койсоңуз автоунаа жүрүп бара жаткан кезиндегидей ысыйт;
  5. салондо жылыткычтарды катуу иштетпеңиз, мындай учурда энергиянын бардыгы салонго кетет да мотор жакшы жылый албай калат;
  6. абдан суук күндөрү кыска убакытка токтогон учурда моторду иштеген бойдон калтырган туура. Албетте, бул ыкманын кемчиликтери бар, бирок убакытты үнөмдөөгө абдан пайдалуу.
434
Белгилер:
кыш, автоунаа, айдоочу, кеңеш, жылытуу
Тема боюнча
Автоунааны кышка даярдоодо биринчи эмнелер маанилүү. Эксперттин кеңеши
Бензинди кантип үнөмдөсө болот. Адистин кеңеши
Кыз. Иллюстративдик сүрөт

Дене себепсиз көгөрүп... Рактын чочулаткан белгиси айтылды

0
Дарыгерлердин айтымында, лейкоздун белгилери акырындык менен пайда болот. Кээ бир адамдарда бул оору таптакыр билинбей өрчүйт.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Денеде көгөргөн тактын пайда болушу ак кандан кабар бериши ыктымал. Бул тууралуу РИА Новости Express басылмасына таянып билдирди.

"Алгач алар кызыл так болуп көрүнөт. Андан соң түсүн өзгөртүп, карарат дагы ошол жер оорутуп баштайт. Аларды кара түстөгү териде байкоо оңой эмес", — деген медиктер.

Аталган онкологиялык оорунун башка белгилери: себепсиз арыктап, дененин ар кайсы жеринде шишик пайда болот, энтигүү, түнкүсүн тердөө, бүдүр чыгуу, сөөк, муундар ооруп, эс алган, уктаган учурда деле адам чарчап, өңү кубарып кетет.

Дарыгерлердин айтымында, лейкоздун белгилери акырындык менен пайда болот. Кээ бир адамдарда бул оору таптакыр билинбейт. Адистер азыр медицина өнүгүп, заманбап диагностика бар экенин айтып, дартты өз убагында аныктаса айыктырууга болорун белгилешкен.

0
Белгилер:
рак, ак кан, белги, дарыгер, оору, так
Тема боюнча
Мээни 11 жылга карытат. Ден соолукка зыян делген суусундук аталды
Инсультка кептейт. D витамини жетишпеген организм эмнеден жабыркайт

Акыры өлтүрүп тынды. Сууда алышкан ак аюу менен бугунун видеосу

18
Интернет айдыңында мелмилдеген сууда ак аюу мүйүздөрү аркайган бугунун артынан сая түшүп, кууп бара жаткан видео тарады.

"National Geographic Россия" сайтынын маалыматына караганда, кишинин тынчын алып, кыпылдаткан бул окуя былтыр Норвегиянын Шпицберген архипелагында августтун аягында болгон.

Бугу душманы ак аюудан кургакты көздөй чуркабай, сууга кире качып, өзүн кооптуулукка кептеген. Польшанын илимий станциясынын изилдөөчүлөр тобу эки жаныбардын кармашын видеого тартып алган. Маалыматта негизи эле жогорудагы жырткычтын түндүк бугуга аңчылык кылган учурунун биринчи ирет камерага тартылгандыгы айтылган.

Кадрдан жаш ургаачы аюу шыргалаң сууда бугунун артынан сая түшүп алып сүзүп бара жаткандыгын көрүүгө болот. Ал бир нече мүнөткө созулуп, акырында жырткычтын мүйүздөрүн арткайтып, жаныбарды жээкке сүйрөп чыккан.

"Баары ушунчалык таңгалычтуу болгондуктан, документалдуу фильм көргөндөй абалда калдык. Мындан кийин буга окшогон окуяга эч качан туш келбейбиз дагы", — деген Гданьск университетинин биологу Изабела Кулашевич.

Ак аюу сууда эң сонун сүзөт, ал эми кургакта качкан бугуга жетпей калышы турган иш. Андан сырткары, Арктиканын башка бөлүктөрүндө түндүк бугуларга анча кооптуулук жаралбайт. Ал эми Шпицбергенде бул жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салынгандыктан, National Geographic саксактап, натыйжада алар аярлыгын бир топ жоготуп койгонун жазды.

18
Белгилер:
Норвегия, National Geographic, Россия, ак аюу, бугу, аңчылык, суу
Тема боюнча
Буйволду арстандын күчүктөрү тирүүлөй жеп... Аянычтуу видео
Ысык-Көлдө аюу менен ак илбирстер коруктун тышына чыкты. Сүрөт