Адвокаттык лицензиянын ээси, Соода-өнөр жай палатасынын Эл аралык бейтарап сотунун арбитри, укуктук талдоочу Калыгул Салиев

Жубайлар ажырашканда бала кайсы учурда атасы менен калат? Юристтин маеги

1663
Статистика боюнча улуттук комитет быйыл 2020-жылга салыштырмалуу үйлөнгөндөрдүн жана ажырашкандардын саны бир кыйла өскөнүн билдирди. Маалыматтарга караганда, андан улам бала талашкан учурлар болуп келет.

Ажыраша турган жубайлардын ортосунда балдары бар болсо, алар кайсы учурда атасы, кайсы учурда энеси менен калат? Атасы же энеси балдарын бири-бирине көрсөтпөй жатса эмне кылуу керек? Ажырашкан үй-бүлөлөрдүн ортосундагы ушул жана башка талаштуу, көйгөйлүү суроолорго Sputnik Кыргызстан агенттиги адвокаттык лицензиянын ээси, Соода-өнөр жай палатасынын Эл аралык бейтарап сотунун арбитри, укуктук талдоочу Калыгул Салиевден жооп алды.

— Калыгул Абдылдаевич, азыр ажырашып же чогуу жашабай калган үй-бүлөлөрдүн бала талашкан учуру аз эмес экен. Буга чейин ушул маселе менен 2-3 келин кайрылды эле. Ошолордун биринин суроосун берсем. Эгер жубайлар мыйзамдуу түрдө сот менен ажырашып жатса, соттук процесс аяктаганга чейин бала ким менен болуп турушу керек?

— Баланын толук кандуу тарбияланышы үчүн үй-бүлөнүн ролу чоң. Тилекке каршы, ажырашкандардын саны жылдан-жылга көбөйүп жатат, алардын арасында бала талашкан учурлар деле көп. Негизи ажырашуу бир айдын ичинде каралышы керек. Эгер соттун чечими жогорку инстанцияга апелляция түрүндө берилсе, анда ал процесс эки айга созулат. Никени ажыратууну карап жаткан сот жубайларга жарашуу үчүн 3 айга чейин убакыт берип коюшу ыктымал. Ага болбой жубайлар облустук сотко кайрылса, анда ал беш айдан да көпкө созулушу мүмкүн. "Бул учурда бала ким менен болуп турат?" деген суроо берип жатасыз. Муну жубайлар алгач бири-бири менен макулдашып, сүйлөшүп алышы керек. Эгер бир пикирге келе албаса, анда сот Үй-бүлө кодексинин 25-беренеси боюнча баланын ким менен каларын аныктап берет.

Адвокат, международный арбитр торгово-промышленной палаты КР Калыгул Салиев во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Адвокаттык лицензиянын ээси, Соода-өнөр жай палатасынын Эл аралык бейтарап сотунун арбитри, укуктук талдоочу Калыгул Салиев ажырашкан ата-энелердин укугу тууралуу айтып берди

— Сот баланы ата-эненин кимисине калтырышты кантип аныктайт?

— Сот учурунда ар бир баланын ата-энесине болгон жакындыгы, балдардын бири-бирине жакындыгы, алар чогуу апасы же атасында калабы, же эки жакка бөлүнөбү деген маселенин баары каралат. Критерийлер боюнча айтсам, ата-эненин жүрүм-туруму, кирешеси, жашоо шарты эске алынат. Мындан сырткары, ичкиликке берилген эмеспи, психологиялык жактан оорубайбы, айтор, балдарды жакшы багып кете аларын экөө тең документ түрүндө далилдеши керек. Эмне себептен атасында же энесинде кала албайт, аны да документ түрүндө тастыктап бериши кажет. Ар бир райондо социалдык бөлүмдөр бар. Алар ата-эненин жашоо шарты менен таанышып, үй-жайын көрөт. Бул да сотто эске алынат. Ошондой эле кичинекейлердин пикири да эске алынып, алардан да ким менен кала турган каалоосун сураш керек.

— Эгер бала кичинекей болсочу?

— Мыйзам боюнча, бала 10 жашка чыкканда анын пикири сөзсүз эске алынышы керек. Бирок эгер бала өтө эле кичинекей, маселен, эмчекте болсо, анда эне менен калуу мүмкүнчүлүгү жогору болот.

— Негизи эл арасында бала апасында калып, апасы менен жашайт деген түшүнүк калыптанып калган го. Бирок мыйзам боюнча ата-эненин укугу бирдей эле да, туурабы?

— Мыйзамда энесинде укук көбүрөөк деп жазылган эмес. Албетте, бул коомдо калыптанып калган пикир. Мыйзам алдында экөөнүн укугу бирдей. Эгер жогоруда айткан критерийге туура келсе, балдар атасында деле калат берет.

— Эгер ата-эненин экөө тең туура келсечи, сот кантип чечим чыгарат?

— Андай учурда сот ички туюму менен чечүүгө укугу бар.

— Бизге жакында эле бир келин кайрылды. Ал кыздарын ата-энесине таштап Россияга кеткенде жолдошу бир күнгө деп алып кетип, ошону менен көрсөтпөй жатканын айтты. Азыр жубайлар ажырашып жатыптыр, бирок соттук процесс бүтө электигин билдирди. Балдарды энесине көрсөтпөй жаткандын өзү канчалык мыйзамдуу?

— "Баламды көрсөтпөй жатат" деп кайрылгандар көп каттала баштады. Тилекке каршы, азыр жаштар үй-бүлөнү пландаштырбай эле курууда. Андан сырткары, балага да, үй-бүлөгө да жоопкерчиликсиз мамиле кылгандар көбөйдү. Мурдагыдай үй-бүлө маанилүү деген баалуулуктар унутулуп бара жатат. Ошол себептен ата-энеси жок балдардын саны көбөйдү. Сиздин суроого жооп берерден мурда миграция маселесине да токтоло кетсем.

ЮНИСЕФ (Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду) жасаган анализ боюнча, Кыргызстанда 83 миңден ашык баланын ата-энеси сыртта экен. Бардыгы апасынын же атасынын мээримин көрбөй туугандарынын жанында өсүп жатканы айтылды.

Кыргызстанда Үй-бүлө кодекси сыяктуу Балдар жөнүндө да кодекс бар. Анда бала ата-энесинин экөө менен тең көрүшүп турууга укугу бар деп жазылган. Бала сөзсүз ата-энеси менен көрүшүп турушу керек.

Адвокат, международный арбитр торгово-промышленной палаты КР Калыгул Салиев во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Юрист Калыгул Салиев: мыйзам алдында ата-эненин укугу бирдей. Бардык критерийге туура келсе, балдар атасында деле кала алат.

— Эгер көрүштүрбөй койсо экинчи тарапка кандайдыр бир чара көрүлөбү?

— Чара көрүү боюнча мыйзамда жазылган эмес. Бул дагы мыйзамдагы боштук деп айтар элем. Кылмыш-жаза кодексине болбосо дагы Жоруктар кодексине буга карата берене киргизип коюш керек болчу. Бирок башка жолдору бар. Маселен, ата-эненин бирөө балдары менен жолугуп туруш үчүн сотко график түздүрүп алса болот. Аны өздөрү сунушташы керек. Эгер ал графиктен эки жактын бирөө баш тартса же аткарбай койгон болсо, анда соттун чечимин аткарбай койду деген берене менен жоопкерчиликке тартылат. Ага тартуу үчүн соттун чечими керек.

Жогоруда айткандай, жубайлар баарын сот аркылуу чече бербей, ага чейин эле өз ара кепке келүү жолу менен жолугуштуруп туруу боюнча сүйлөшүп алса болот. Бул нотариус аркылуу ишке ашат.

— Иш сотко өткөндө убакытты да, акчаны да көп талап кылса керек.

— Албетте. Эгер аялы менен күйөөсү пикирлери келишпей ажырашууну ойлосо, дароо сотко чуркабай башка жол менен деле маселени чечсе болот. Бул медиация деп аталат. Маселен, аялы менен күйөөсү урушуп сүйлөшө албай калса медиаторлор бар. Медиация — бул ар түрдүү (үй-бүлөлүк, коммерциялык) чыр-чатактарды жөнгө салуунун формасы. Анын негизги максаты — бир пикирге келе албай жаткан тараптарга жай отуруп сүйлөшүүгө шарт түзүп берүү. Медиация үй-бүлөнү сактап калуу да максатын көздөйт. Медиаторлор — кыргызча айтканда, ортомчулар. Алар эки тарап менен сүйлөшүп, иштешип, туура чечим кабыл алууга жардам берет. Бул жерде бир топ убакыт, акча каражаты да үнөмдөлүп, мамлекеттик алым алынбайт, жактоочу жалдабайт. Кыскача айтканда, алда канча жеңил.

— Жакында эле кыргызстандык Алина аттуу келин рактан каза болду. Көзүнүн тирүүсүндө, төшөктө ооруп жатканда жолдошунан кызын көрсөтүүнү сураныптыр. Бирок күйөөсү ал суранычын аткарбаптыр. Жолдошу Казакстандын жараны, Кордайда жашайт экен. Бул өтө аянычтуу жана өкүнүчтүү болду. Мындай учур кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Анын үстүнө мамлекеттер ортосунда бала талашкан учурда тараптар эмнени эске алышы керек?

— Эгер эки мамлекеттин ортосунда жарандар бала талашып жатса, анда жалпы балдардын дүйнөлүк укугу тууралуу декларация, БУУнун балдардын укугу тууралуу конвенциясы колдонулат. Бул документ ратификацияланып, ага Кыргызстан да, Казакстан да мүчө болгон. Ал мамлекеттер жазылган нормаларды аткарышы абзел. Ошол конвенциянын 9-10-беренесинде "Конвенцияга мүчө-мамлекеттердин жарандары балдарын ата-энесине жолуктуруп турууга милдеттүү" деп жазылган. Кайсы жакта болбосун бала деген бала, адам укугу бирдей. Ошол себептен Алина менен кызын жолуктурбай коюуга, алардын жолугушуусуна тоскоолдук жаратууга атасынын укугу жок эле, милдеттүү болчу.

Мындай маселени алгач дипломатиялык жол менен чечүүгө аракет кылуу керек. Эгер ал жол менен чечилбесе, анда баланын жарандыгы жана жашаган жери боюнча сотко берсе болот. Бул учурда эне жактоочу жалдап сотко кайрылыш керек. Анан сот Конвенциянын негизинде апасы менен жолуктуруп турууга чечим чыгарып берет. Ал чечимди аткаруучулар ишке ашырат.

Адвокат, международный арбитр торгово-промышленной палаты КР Калыгул Салиев
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Юрист Калыгул Салиев: күкүк энелерден да алимент өндүрүлөт. Мындан тышкары, карыган ата-энесин бакпай койсо, ооруп жаткан жубайын же жолдошун бакпай таштап кетсе да алимент өндүрүлөт. Бул — үй-бүлөдөгү бири-бирине болгон жоопкерчилик.

— Алимент боюнча бир-эки суроо берейин. Адатта алиментти баланын атасы төлөгөнүн көрүп жүрөбүз. Эгер бала атасында калса, апасына деле чегерилеби?

— Мыйзамда тең укуктуулук прициби бар. Күкүк энелерден да алимент өндүрүлөт. Мындан тышкары, карыган ата-энесин бакпай койсо, ооруп жаткан жубайын же жолдошун бакпай таштап кетсе да алимент өндүрүлөт. Бул —  үй-бүлөдөгү бири-бирине болгон жоопкерчилик.

— Атасы же апасына алимент чегерилип, бирок алар төлөбөсө кандай чара колдонулат?

— Бир баланы бакпай койгону үчүн жалпы кирешенин төрттөн бир бөлүгүн, эки балага үчтөн бир өлчөмүндө, ал эми 3 же андан көп балага 50 пайызы өндүрүлөт. Былтыр мыйзамга өзгөртүү киргизилген. Анда бир балага эң аз эмгек акыдан кем эмес каралган. Эң аз эмгек акы деген — 1 854 сом. Демек, бул суммадан кемибеш керек. Эгерде эки бала болсо бир жарым эмгек акыдан (2 781 ) кем эмес, ал эми 3 же андан көп балага эң аз эмгек акыдан эки өлчөм (3 708) төлөй турганы жазылган.

Жоопкерчилик боюнча эгер атасы же апасы алимент төлөбөй койсо, Жоруктар кодексинде баладан атайын эле баш тартты деген берене бар, ошол боюнча жоопкерчиликке тартылат.

1663
Белгилер:
юрист, маек, үй-бүлө, бала
Тема боюнча
Кыргызстанда эрте никеге тургандар азайып, ажырашкандар көбөйдү
Калбеков: өлкөдө юридикалык кеп-кеңеш берчү 31 борбор иштөөдө
Уктап жаткан адам. Архив

Дарыгер күз-кышта адам эмнеге уйкусурап, чарчай берерин айтып берди

33
Адистин айтымында, биологиялык сааттарды күндүн нуру жөнгө салып турат. Күз-кыш мезгилинде күндүн жарыгы азайып, мелатонин гормону жакшы иштелип чыкпай калат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Күзүндө жана кышында айрым адамдардын чарчап, уйкусурап жана маанайы түшүп жүргөнү байкалат. Мунун себебин "Ридус" сайтына Москва мамлекеттик университетинин уйку боюнча медицина борборунун жетекчиси, сомнолог Александр Калинкин айтып берди.

"Биздин биологиялык сааттарыбызды күндүн нуру жөнгө салып турат. Күз-кыш мезгилинде күндүн жарыгы азайып, күндүз жана кечинде мелатонин аз иштелип чыгат, бул уйкусуздукту шарттайт", — деген дарыгер.

Сомнолог уйкусуздуктан арылып, сергек жүрүүнүн да жолун айтты.

"Аба ырайы суук мезгилде да күндүн нурун алганга аракет кылуу керек. Мисалы, жумушта терезеге жакын отуруңуз, эртең менен көчөгө басып келиңиз. Ал болбосо күндүн жарыгын берген атайын шаймандарды колдонуңуз", — деген адис.

Кофеин кошулган азыктар менен суусундуктар да күч берет, бирок уйкусуздуктан арылта албайт.

Буга чейин диетолог айрым азыктар кыска убакытка дем-күч берип, андан кийин кайра чарчатып-чаалыктыра турганын айткан. Мында организм күчүн тамак сиңирүүгө көп жумшап калат.

33
Белгилер:
күз, кыш, уйку, күн, нур, дарыгер
Тема боюнча
Адис чарчоону чакырган тамактарды санап берди
Колубаева: уйкусуздук, аутизмден мээни коррекциялоо менен арылса болот
Pfizer вакцинасы. Архив

Кыргызстанда өспүрүмдөр Pfizer вакцинасын сайдырат. Кимдер алышы керек