Окумуштуулар: кан басымы жогорулар кара чай ичиши керек

© Фото / Pixabay/ congerdesignЧашка чая
Чашка чая - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2021
Жазылуу
Адистер кара чай кан басымы жогору эркектер менен аялдарга кандай таасир этерин аныктаган. Алар эксперименттин катышуучуларына алты ай байкоо жүргүзгөн.
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кара чайды көп ичүү гипертония менен күрөшүүгө жардам берерин Батыш Австралиянын окумуштуулары аныктаганын РИА Новости жазды. 
Адистер кара чай кан басымы жогору эркектер менен аялдарга кандай таасир этерин аныктаган. Эксперименттин катышуучулары күн сайын үч чыны кара чай менен флавоноиддери жок (табигый боёктор) кофеиндүү суусундук ичишкен. Аларга алты айга чейин байкоо жүргүзүшкөн.
"Натыйжада кара чай кан басымды турукташтырууга жардам берери аныкталган. Күндүзгү убакка караганда түндө оң таасир этери байкалган", — деген иликтөөнүн авторлору.
Гипертония — жүрөк, кан тамыр ооруларынын эң көп тараган түрү.
Буга чейин жогорулап кеткен кан басымды түшүрүүгө дары-дармектерден сырткары жашылча-жемиштин ширеси жакшы жардамчы болорун дарыгерлер айтып берген
Жаңылыктар түрмөгү
0