COVID: эки адам каза таап, 74 кишиге жукту. 14-ноябрдын маалыматы

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2021
Жазылуу
Кечээтен бери эмдөөдөн жети миңден ашуун адам өткөн. Анын ичинен 3 386сы биринчи дозаны алса, 4 317 адам коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасы менен эмделген.
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 74 адамдан коронавирус табылып, 103 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 47;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 2;
  • Ош облусу – 6;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 1;
  • Баткен облусу – 5.
Өлкөдө ооругандардын жалпы саны 182 341ге жетти. Анын ичинен 176 824ү дартты жеңген.
Пандемия в Пекине - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2021
Статком: пандемиядан кийин жакырлар көбөйдү
Тилекке каршы, өлүм учурлары токтой элек. Кечээтен бери оору эки кишинин өмүрүн алган. Муну менен пандемия башталгандан тарта өлкөдө 2 704 адам коронавирустун курмандыгы болду. Азыркы тапта стационарда 564, ал эми амбулатордук шартта 721 адам дарыланып жатат.
Бир сутка ичинде эмдөөдөн 7 703 адам өткөн. Анын ичинен 3 386сы биринчи дозаны алса, 4 317 адам коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасы менен эмделген.
Жаңылыктар түрмөгү
0