Комузчу. Архив

Каракчылардан күүсү аман алып калган. Ниязалы Борош уулу тууралуу 13 факт

352
Кыргыз элинин маданиятында комуз күүлөрүнүн орду эбегейсиз. Адамдар кубанычын да, кайгысын да, сүйүүсүн да, жек көрүүсүн да күү менен билдирген. Азыркы күнгө чейин бизге аты жеткен күүчүлөрдүн сап башында Ниязалы Борош уулу турат.

Бул инсандын миңге чукул күү чыгарганы айтылып калганы менен отуздай күүсү гана аткарылып келет. Залкар комузчунун "Кара өзгөй", "Сары барпы", "Кер толгоо", "Арсар күү", "Короо күзөтүү", "Өттү, кетти балалык" деген сыяктуу күүлөрү улуттук күү өнөрүнүн классикасына айланган. Жакында Аксы районундагы Ак-Жол айлында комузчунун 165 жылдыгы белгиленип, жол боюна айкели орнотулду.

Биз бүгүн Ниязалы Борош уулу тууралуу 13 факт сунуштайбыз.

Аксынын Кичи Ак-Жол айылында жарык дүйнөгө келген. Туулган мезгили өтө так эмес, болжолу 1856-жыл. Тоо арасындагы атактуу өнөрпоздордун айылы. Кийин бул айылда кыргыз маданиятынын залкарлары: Темиркул Үмөталиев, Токтосун Тыныбеков, Төлөгөн Касымбеков, Шекербек Адылов, Зайырбек Ажыматов туулуп-өскөн. Айылдын табиятын Төлөгөн Касымбеков "Туулган жер" деген аңгемесинде керемет сүрөттөп берет. Чоң кыштактын залкар күүчү туулган бөлүгүнүн аты бир кезде уруунун атынан, Данбагар деп аталган. Себеби ал жерди саруу уруусунун сатыкей тобунан данбагардын балдары турак кылган.

Пери кыздарга жолугушу. Кичине чагынан комуз черткендерди карап, өз кыялында күүлөрдү черте берчү экен, ошентип жүрүп апасы Оңол тигип берген тери чыптамасынын көкүрөктөрүн, жаргак шымынын капталдарын тытып ийчү экен. Ошондой күндөрүн биринде он эки жашында төмөнкүдөй окуя болгонун айылдашы, журналист, драмачы Ооганбек Станбеков мындай жазат: "Ниязалынын атасы Борош өтө жарды, кедей дыйкан адам экен, Ак-Жол айылында, түштүккө карай созулган балык жоондонгон Булуң деген тектирлүү жер бар. Ошол жердин ойдуңуна ээлик кылган Шер аттуу ажыга атасы Борош мендикер түшүп, эгин айдап, орок оруп, бастырып, жамаачылуу алачыгында өмүр даарын өз уруусу данбагарлардын кожо-жалпак туугандары менен ирегелеш жашап тирилик кылган. Шер ажынын оюндагы жерди өздөштүрүүгө, эс тартып калган Ниязалы да жардамдашып жүрөт. Азыгы түгөнгөндө атасы Борош Ниязалыны "айылга бар, балам, аштык жүгөрүгө суу кой, тамак ала кел" деп кыштоосуна жөнөтөт. Атасынын айткандарын аткарып, таңга маал апасы даярдап берген чаначтагы аталасын көтөрүп, нандарын белбоосуна курчанып Булуңдун сыртын көздөй атасына жөнөйт. Уй-Чабардын жону менен сырттап келе жатса Сүйүнбайдын Аяты деген тектирдеги бактагы түздүү кеңдикте кылактаган бир топ кыз-келиндер кызыл-тазыл болуп эле кыз оюн куруп жатышкан экен. Ниязалы таң калып, кайдагы кыз-келиндер деп делдейип туруп калат. Бир топ убакыт тургандан кийин кыз-келиндердин арасынан бирөөсү, перидей сулуу кыз суурулуп чыгып келип, Ниязалыны билектен алып арбап, кыз оюнга кошуп кетет. Ошол аруу сулуу Ниязалыга комуз алып келип черткин, биз бийлейбиз дейт. Ойноо бала жакын тууганы, абасы Ибрайымдан (Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун чоң атасы) үйрөнгөн "Аксылыктын ырчы" күүсүн чертет. Кайрыгы түгөнгөндө комуздун кулагын бурап күүгө салууга аракет кылса эле керемет аваздар чыгып, бүткүл сезими берилип, көл-шал болуп тердеп черте берет. Ак куудай болгон кыз-келиндер бийлешип, ырдашып, күндүн кандайча кеч киргенин туйбай калышат. Каш карайганда алиги комуз берген ийнеликтей буралган сулуу пери кыз "Ниязалы, комузду биз алып кетмейинче эч кимге бербе" деп коштошуп, кыз-келиндер менен кошо тарап кетет. Эсине келген Ниязалы атасына барбаганына кайыл болуп, комузун колтугуна катып, кыштоодогу үйүн көздөй жөнөйт. Апасы Оңол астынан тосуп чыгып уулунун колтугундагы комузун көрүп абдан аземделген көркөм кооздугуна, өзгөчөлүгүнө таңданып жана тегин эместигин түшүнөт. Уулун издеп, дүрбөлөңгө түшүп келген атасына зирек, пакиза апасы көрсөтүп, комузду черттирип көрүшүп, ыйык сырды түшүнүшүп Теңирге таазим кылышат. Таң кулан өөктөн турушуп, ак сары башыл эчкисин союп түлөө өткөрүшүп, журт чакырып бата тилешет. Ошондо он эки жашар Ниязалыны элдин бийи Ибрайым атынан түшүп, Ниязалыны көтөрүп мингизип, комуз чертирип, күүлөрдү муюп угушат. Шер ажы баш болгон данбагарлар бата беришип, бешенесинде периште ойногон, жөлөмөсү бар балага өмүр тилешет".

Курманжан датка чакырткан. Ниязалынын аты эл ичинде чыга баштаганда ал тууралуу угуп, Курманжан датка аны Ошко чакыртат. Өнөрүн көрүп баа берип, бир жума сыйын көрсөтүп, аттандырып-тондондуруп бата менен жерине узатат. Кийин, болжолу датканын уулу Камчыбек дарга асылган 1895-жылдары болсо керек, "Курманжан датканын арманы" аттуу күүсүн чыгарат.

Токтогул Сатылгановдун устаты болгон. Токтогул Сатылган уулунун апасы Бурма (Бурмаке) саруу уруусунан, анын ичинде сатыкей уругунан болгон. Мындай болгондо кетмен-төбөлүк Токтогул ырчы аксылык Ниязалы комузчуга жээн болот да, экөө таяке-жээн катары көп жерде бирге жүрөт. Айтуудан Токтогул эки залкарга өзгөчө баа берип, "мен Жеңижок абам бар жерде ырдабаймын да, Ниязалы таякем бар жерде күү чертпейм" дечү экен. Жигит курагында Токтогул Сатылганов устаты Ниязалы менен бирге Алайга барып, ошол барышта устаты "Алайдын миң толгоо" деген күүсүн чыгарып, аны шакиртине үйрөтүп кайткан экен. Демократ ырчы экинчи жолу Наманген түрмөсүнө камалганда эл аралап өнөр көрсөтүп акча жыйнагандардын ичинде да аксакалдык кылып ушул Ниязалы комузчу жүргөн. Ниязалыдан төрт жаш кичүү Жеңижок, сегиз жаш кичүү Токтогул улуу катары конокто дайым аны төргө өткөрүп, эң алдын күү менен баштатып турушчу экен.

Талантты талант тааныганда. Токтогул Сатылганов Сибирь түрмөсүнөн кайтып келгенде Аксынын Данбагар айлына таякеси Ниязалыга учурашканы барса, ал киши жок болуп чыгат. Илинип турган комузун колго алып, күүлөп, бир аз чертет да көңүлү чаппай кайта берет. Оо бир топтон кийин Ниязалы келип, комузун алып чертейин десе башкача күүлөнүп калган, бул толгоодо Током гана чертет, анын "Чоң кербези" гана ушул буроодо чертилет, жээним келген турбайбы деп ат чаап, Жеңижокко карай Кара-Сууга бара жаткан жеринен артынан кууп жетип, устат менен шакирт ат жалын кайра артка бурган экен.

Жүрүш-турушу, мүнөзү. Ниязалы олбурлуу киши болгон. Токтогулдун жанында ал кыйла эле алибеттүү көрүнгөн. Бул адам тууралуу айрым эскерүүлөрдү окуп көрөлү: "Ал чыканактай болгон өрүк комузун даңылдата толгоду да, "Санат күүсүн" безилдете сабап кирди. Нияз акем ар бир күүсүн кайрыгы менен колун кайкыта чертип, бирде комузунун кылын астынан, бирде үстүнөн баса кайрып, түпкүчтөй ийилип, жөргөлөп чертти эле эл ичи үч көтөрүлө түштү. Анын комузу бирде чекесине, бирде көк желкесине, бирде оң, сол ийиндерине коно калып жатты. Бир убакта Нияз акемдин оң бутунан маасысы шалак этип кетти. Анан ал бутунун манжалары менен шартылдата чалып-чалып алды эле эл ичи үйөр жүргөндөй көчүп кетти" (Коргол Досуев). "Жеңин чечип, көкүрөгүн ачып таштап, Ниязалы өнөрүн көрсөттү. "Шыңгырама", "Арсар күү", "Терс кайрыш" деген күүлөргө сөз кошуп чертип, элдин моокун кандырды. Комузу бир ийнине чыгат, бир аркасына кетет, бирде жерде жүрөт да кайра бооруна алат. Жалаң эле колу ойнобостон, оозу да элди күлдүрөт. Анысына элдин баары кыраан-каткы күлүп, колун чабат. Комузун койгулап ырдай берип, карыган киши чарчап да бүттү. Жерге түшкөндө отурган эл Ниязалыны көздөй гүлдөрдү чачты" ("Кызыл Кыргызстан" газетасы, 1936-жыл, 22-октябрь). "Баарыбыз сахна жакты жалт карадык. Апкечтен суу көтөрүп келаткан келиндин элесин туурап, комузун ийнине салып, кол ойното күү чалып, ак сакал карыя басып келатат. Жарыктыктын былк эткени, шылк эткени бүт күлкү белем, отургандар кыраан-каткы, кол чабуулар" (Ыбырай Туманов). "Ал комузду колго алып толгогондо, черткенде ыгы менен шайырланып, колун кооз ойнотуп, дене боюн жарыштыра бийлетип, төбөсүндөгү топусун жөргөлөтүп, өңү-түсүн түркүн кубултуп, шайырлыгы менен өзгөчөлөнгөн жылдыздуу киши эле" (Эркесары Бекбасаров). "Чимирилчү топусу, дөңгөлөк өңдүү чокусу, чекесине бир келип, желкесине кетчү эле", "Булбулду туурап күү чертчү, бүлкүлдөтүп тамагын", "Сүйлөөчү эле күүлөрү", "Болжосуз ыр, күү бар эле, боз жоргодой чапканы" (Токтосун Тыныбеков). "Кармап колго алмаз миздүү бычагын, үч ичекти сүйлөтчүдөй өнтөлөп..." (Темиркул Үмөталиев).

Ниязалынын шакирттери жана үй-бүлөсү. Улуу өнөрдүн сырларын үйрөнүү үчүн Аксынын Ак-Жолундагы Ниязалы Борош уулунун айылына Кетмен-Төбөдөн Токтогул Сатылганов, Коргол Досуев, Алтымыш Мундузбаев, Жумгалдан Калык Акиев, Таластан Алымкул Үсөнбаев, Шекербек Шеркулов, Атай Огонбаев, Эркесары Бекбасаров ж.б. кийин кыргыз маданиятынын улуу инсандары болгон адамдар барып турган. Анын өнөрүн зайыбы Дүрдана жана кийинки аялы Күлүйпа жакшы баалай билген. Кыйла эле карып калганда авлетимдик Карачач деген келинге үйлөнгөн экен. Баатыркул менен Атакул аттуу уулду болуп, Баатыркулу ата өнөрүн уланткан. Күлүйпага арнап "Акыл Карачач" ("Желпиме") деген күү чыгарган.

Комузчу, ырчы, орду толгус талант Атай Огомбаев. Архив
© Фото / Московская студия кинохроники РГАКФД / ЦГА КФФД КР
Эл чыгармачылыгынын республикалык эки олимпиадасына катышкан. Биринчиси 1936-жылы 18-25-октябрда өтүп, ага 335 өнөрпоз катышкан, анда айтылуу музыковед Владимир Александрович Власов, Владимир Георгиевич Фере калыстар тобунун курамында болуу менен 1939-жылы Москвада өтө турган кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасына концерттик программанын репертуарын да түзүп жаткан. Ак сакалы жайкалган, жүрүш-турушу тың комузчу сексенге барып калганына карабай "Шыңгырама", "Терс кагыш" , "Арсар күү" деген күүлөрүн чертип, эл кайра-кайра кол чаап аткан соң эрежени бузуп сегиз номер күү аткарып, виртуоздугу менен жюри-композиторлорду да таң калтырган экен. Калыстар тобунун мүчөлөрү ага биринчи орунду ыйгарып, ошол кез үчүн абдан чоң сумма болгон 500 сом сыйлык да бериптир. Экинчи жолу 1937-жылкы олимпидага да катышкан, анда да баарынын купулуна толгон. Айтуудан ушул олимпиадалардын биринде "Николай" деген күүсүн чертип ийип, "экинчи муну чертпеңиз" деген эскертүү да алган экен.

Көп өнөрдүн ээси. Комузчулук, акындык, санжырачылыктан тышкары ал ат таптаган саяпкер, адамдарды жана малды дарылаган табып да болгон экен. Өзүнүн комузун өзү чапкан жана башкаларга комуз чаап берген уста да болуптур. Куудулдук жагын өзгөчө айтышат. Кийип жүргөн калпагын башынан ала коюп, аны жүгөрүнүн дүмбүлүндөй ороп, турмушту көрбөгөн бир бай киши дүмбүлдү кандайча бышырып, кандайча жегенин аябай туурап боорду эзчү экен. Төгүп ырдап да, дастан айтып да жиберчү экен, бирок ал өнөрлөрү күүчүлүгүнүн далдоосунда калыптыр. "Хан Бөкөй" деген чыгармасы дастан-күү формасында айтылчу экен.

Күүлөр аркылуу айтыш уюштурган. Ниязалынын Кулбай менен айтышып, анын жеңгени, Майлыбай деген чоң комузчу менен айтышып, аны да жеңгендиги айтылат, күү айтыштын өзүнчө өзгөчөлүгү, татаалдыгы болот. Биринин күүсүн экинчиси кайрыктарын толук келтирип, дароо чертип бериши керек. Бул абдан кайталангыс татаал искусство. Айтуудан Ныязалы суу боюна, тоолорго барып алып, талааларда жүрүп, күкүк, торгой, үпүп, булбул сыяктуу канаттуулардын үнүн угуп туруп, аларды коштоп комузга салып, ошолор менен кадимкидей алым-сабак сайрашчу экен. Бул деле айтыштын бир формасы эмеспи. Мындай канаттуу куштарды туураган "Күкүк менен Зейнеп", "Торгой менен турумтай", "Бөдөнө менен турумтай", "Жагалмай", "Кызыл кыргоол", "Түлкү менен бөдөнө", "Кер тайган", "Сары барпы", "Бүркүт менен ителги", "Буудайык", "Кумайык", "Калтар түлкү", "Сары айгыр", "Таз жору", "Боз чымчык", "Ак тамак менен көк тамак", "Ала менен сарала"... Булардын ар бири комуз кылында өз-өз жашоосу, мукам үнү менен гана көрүнбөй, образ деңгээлине чыккан, кайманалык мааниге көтөрүлүп, адамдардын дүйнөсүн, социалдык жагдайларды аллегориялаштырган. Күүдөгү "кыргыз Эзопу" ошол бойдон бизге жетпей калды...

Күүлөр жанына аралжы болгон. Бир жылы жокчулукта Ниязалы уулу Атамкул экөө отун алганы тоого барат. Дал ошол жерде мал-алды, адамдарды карактап жүргөн кишилер алдынан чыгат да, буларды таанып турса да өлтүрмөк болушат. Өлүм алдынан бир күү чертип берейин деп комузчу бир күүсүн чертет, беркилер унчукпайт, экинчисин чертет, үчүнчүсүн чертет, тигилер уктап кетиптир. Акырын атына минип айылга кайтат, каракчылар артынан кууп келип кечирим сурашат, элден чыгып кара өзгөйлүк кылыппыз, эми оң жолго түшөбүз деп убада берет. Ошондо "Кара өзгөй" күүсү жаралган экен. Муну Абдыкерим Моков, Саадабай Шабданов, Болуш Мадазимов мыкты аткарып элге тартуулаган.

Күүлөрүндө калган өмүрү. Ал өз мезгилинин тарыхын, тарыхый инсандарын күүгө салган, алардын армандарын күү аркылуу айттырган. Буга анын "Шырдакбектин боз жорго", "Кыпчактардын кайгысы", "Ибрагим саруунун икаясы", "Кайран Полот хан", "Өз жеринен азган Бабурдун арманы", "Гүлгаакы", "Чоң Ормон" деген күүлөрү күбө. Адам тагдырлары, бул дүйнөнүн философиясы "Көксулуу", "Кара теке бой-бой", "Кыз ойготор", "Терс кагыш", "Шыңгырама", "Дүрбөлөң", "Мырза кербез", "Сен дүйнө", "Насыйкат", "Санат күү", "Кыз-келиндин шайыр күү" ж.б. комуз күүлөрүндө чагылдырылган. Куш абазын комуз кылында дилдиреткен күүлөрү: "Сары барпы", "Боз чымчык", "Ак куу", "Карача торгой", "Эки сагызгандын учурушканы", "Туу-туу, турумтай", аллегориялык тамсил күүлөрү "Торгой менен Турумтай", "Эки сагызгандын учурушканы" ж.б. Тилекке каршы, Ниязалы Борош уулу тууралуу жалпы калк анча жакшы билбейт, өзгөчө комуз менен иши жок жаштар үчүн бул ат тааныш эмес. Ошентсе да 1991-жылы Оштогу музыкалык окуу жайына анын аты берилип, алдына эстелиги тургузулган, 2021-жылы аксылыктар анын мааракесин Төлөгөн Касымбековдун мааракеси менен кошоктоп өткөрүп, Ак-Жол айылына эстелигин орнотту, музыканттар Кулболдиев менен Миронович "Арсар күүнү" негиз кылып комуз жана оркестр үчүн "Концертино" жазган.

Акырында жетинчи арман. Комузчу 1941-жылы 85 жашында каза болду. Каза болгон жери Ак-Суу деген жер экен. Кайын журтунун жери. Сөөгү ошол жерге коюлат. Кийин туугандары сөөккө барганда кайын атасы жана молдолор казып алып кетүүгө уруксат берген эмес экен. Азыр эми биз бул улуу инсанды эскерип, арманыбызды санап отурабыз. Биринчи арман: "Ак тамак, көк тамак" деген күү Ниязалыныкы деп, Атайдыкы деп оозеки айтылып келет, чын эле ошондойбу – ал такталбай калды. 2000-жылы Аксы районунун Жаңы-Жол айылынан келген комузчу Асанбек Жуматаев мага мындай деген: "Ак тамак, көк тамак" деген күүнү уккандырсың? Муну Ниязалы чыгарган, ал кадимки Өтө (Жеңижок) ырчыга арналган. Жеңижок өзү түбү Таластан эмеспи, аялы Көксулуу аксылык, күйөөсүн ошол Талас жактан ээрчитип келген. Ошон үчүн күүдө аялы Ак тамак (Көксулуу) күйөөсү Көк тамакты (Жеңижок) муздак жерден (Таластан) анжир, курма, шабдалы бышкан Түштүктүн Аксысына кетели дейт. Бул күүнү Атай аткарып, ошол жаздырып Ниязалынын аты унутулду... Экинчи арман: Токтогул Сатылганов "Болгон-Тоо – Бозбу арасы, Борош чалдын баласы" деп ырдаган Ниязалы комузчунун шакирттери Токтогулдун, Жеңижоктун, Корголдун ж.б. таланттардын той-мааракелерин ар беш жыл сайын өткөрүп келебиз, ал эми алардын устаттарына 2021-жылга чейин мындай мамиле кылбадык. Үчүнчү арман: Залкар комузчу эки жолу, 1936-жылы жана 1937-жылы республикалык өнөрпоздордун биринчи жана экинчи олимпиадасына катышып жатса да, биринчи орунга жетишсе да аны түшүнүксүз себептер менен карылыгын шылтоо кылышып 1939-жылдагы Москвадагы он күндүккө алып барбай коюшат, ошондо барганда анын күүлөрү магнит тасмага, элеси фотого (ырас бир гезитке сүрөтү аябай кичине жана сапатсыз чыккан экен) же кинохроникага түшүрүлүп, Сталин менен учурашып калмак экен. Төртүнчү арман: ушундай залкар кишинин күүлөрүн өзүнүн аткаруусунда уга албай отурганыбыз. Бешинчи арман: Ниязалынын уулу Баатыркул да ата өнөрүн аркалап чоң комузчу болгон экен, ал 50-жылдарда радиотеле бар мезгилде эле каза тааптыр, атасынын күүлөрүн мыкты аткарчу экен, мен билгенден ал кишиден да күүлөр жазылып калбаптыр. Ал эле эмес, азыр Акчеке уулу Бакай деген бир небереси да комуз чертип жүрөт, аны да маалымат каржаттары чакырып, чоң атасы тууралуу сурап, күүлөрүн жазып алыша элек. Алтынчы арман: күү өнөрү өзгөчө өнүккөн Ысык-Көл комузчуларынын мектеби (Карамолдо Орозов, Ыбырай Туманов) менен Аксы-Талас, Кетмен-Төбө мектебинин, Ош мектебинин (Болуш Мадазимов) тең салмактуулугун сактоодо Ниязалы Борош уулунун өзгөчө орду болсо да бул кызыктуу феномен музыка таануу, күү таануу аспектисинен илимий-теориялык баасын албай келет. Жетинчи арман: залкар комузчу тууралуу төкмө жана жазгыч акын Токтосун Тыныбеков, музыка таануучу Балбай Алагушев, күү изилдөөчү Асан Кайбылдаев, архивчи Айтмырза Чотонов, тарыхчы Нурбек Туран, журналист-жазуучу Ооганбек Станбеков, комузчулар Өзбек Рысбеков, Саадабай Шабданов ж.б. айтып-жазып келет, Төлөгөн Касымбековдун "Адам болгум келет" повестинде, "Келкел" романында анын образы көркөм сөзгө түшүрүлгөн. Эми ушул сыяктуу чачкын материалдарды бириктирип, бир чоң китеп кылып чыгарууну ойлогонубуз менен анын сааты чыкпай жүрөт же жөн эле кайдыгер карап келебиз.

352
Белгилер:
Кыргызстан, комузчу, факты, Ниязалы Борош уулу
Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (417)
Тема боюнча
Сталинге арманын ыр менен жолдогон. Казыбек казалчы тууралуу 16 факты
Сүйүү аңгемесин аткаминерлер катып окушкан. Орозбек Айтымбетов жөнүндө 12 факт
Көчөдө бараткан жаштар. Архив

Статком: Кыргызстанда эркектерге караганда билимдүү аялдар көбүрөөк

0
Кыздар көбүнчө билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, көркөм өнөр, сервис сыяктуу адистиктерди тандайт.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда эркектерге караганда аялдардын билим деңгээли жогору экени аныкталды. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.

2020-жылы ар кандай жумуштарда эмгектенгендердин арасында жогорку кесиптик билими бар аялдар 28 пайызды, эркектер 19 пайызды түзгөн. Ошол эле учурда орто билимдин ээлери 17 жана 8 пайыз болгон.

Ошол эле учурда быйыл (2020/2021-окуу жылы) жогорку окуу жайларга тапшырган студенттердин арасында кыздар 52 пайызын ээлесе, орто кесиптик окуу жайларына киргендер 56 пайызга жеткен. Алар билим берүү, кеңири керектелчү товарлардын технологиясы, саламаттык сактоо, маданият, көркөм өнөр, сервис сыяктуу адистиктерге басымдуулук кылышат.

Ал эми эркектер машина куруу жана металл иштетүү, токой ресурстарын кайра иштетүү, пайдалуу кендерди иштетүү, курулуш жана архитектура, электрондук техника, энергетика менен байланышкан кесиптерди тандашат.

Мындан сырткары, аспирантурада окугандардын арасында 60, докторантурада 69 пайызы аялдар экени белгиленген.

0