СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева үй-бүлөсү менен

Кайыргүл Сартбаеванын уулу: театрдагы интригалар апамды ыйлатып, жүрөгүн оорутчу

6636
(жаңыланган 11:37 15.11.2021)
Sputnik Кыргызстан редакциясы "Туяк" программасына СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаеванын уулу, КРдин эмгек сиңирген артисти, режиссёр Искендер Сартбаевди чакырды.

Залкар талант Сартбаеванын өмүрү, чыгармачылыгы, учурдагы жашоосу жөнүндө айтып берүүсүн өтүнүп, Искендер мырзага бир нече собол узаттык. Айтмакчы, Кайыргүл Сартбаева быйыл 85 жаш кутман куракта. Сөз башында айта кетсек, атактуу ырчы 1962-жылы Петр Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын аяктаган. Ал 1969-1970-жылдары Москва шаарындагы Чоң театрда да тажрыйба топтогон. Концерттерде камералык ырчы катары ырдап, Мукаш Абдраев, Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов, Муратбек Бегалиевдин ырларынын жана романстарынын алгачкы аткаруучусу болду.

— Искендер мырза, айтсаңыз, атактуу инсан Кайыргүл Сартбаеванын уулу болуунун кандай оң жана түйшүктүү жактарын байкай алдыңыз?

— Москвадан окууну бүтүп Кыргызстанга келип иштей баштаганда көптөгөн сыноолордон өттүм. Анткени баары эле "Кайыргүл Сартбаеванын уулу экен" деп ишти алып кетишиме көз салып турушту. Ал эми кичине кезибизде белгилүү адамдын баласы экеним анча билинчү эмес. Башка балдардай эле короодо кубалашып ойноп жүрүп чоңойдук. Мурда борбордун Совет көчөсүндө жайгашкан беш кабаттуу үйдө жалаң филарманиянын, театрдын артисттери жашачу. Эл аны "артисттердин үйү" деп атап койчу. Союз учурунда апамдар чет өлкөгө гастролго көп чыгышчу да. Ал убакта джинсы өңдүү модалуу кийимдер Кыргызстанда тартыш эле. Анан убактысы келгенде ата-энелерибиз түндө чет өлкөдөн учуп келишчү, эртең менен артисттердин балдарынын баары мектепке окшош кийинип барып алчу элек (күлүп). Бир чети күлчүбүз. Анан раматылык Руслан Базарбаев "эртең эмне кийип барарыбызды сүйлөшүп алалычы" деп дайыма тамашалап айта бергени эсимде.

Народный артист КР, режиссер Искендер Сартбаев
© Фото / из личного архива Искендера Сартбаева
Кайыргүл Сартбаеванын уулу, КРдин эмгек сиңирген артисти, режиссёр Искендер Сартбаев.

— Апаңыздын ата-энесинен эрте калганын уккан элек?

— Апамдын бала чагы согуш жылдарына туш келип, ал аз келгенсип ата-энесинен эрте ажырап, жетим өскөн. Таятам ат менен чоң суудан өтүп баратып агып кеткен экен. Тайнем деле эрте каза болуптур. Ошону менен апам ата-энесинин өң-түсүн элестете албай калган. Аябай эле кичинекей экен. Анан адегенде эжелеринин колунда өсүп, кийин Фрунзедеги интернатта окуйт. Ал кезде согуштан кийинки ачарчылык, кыйын кезең болгон. Бирок айылдан келген балдар-кыздар интернатта чочконун этинен жасалган тамакты жебей, кантка алмаштырчу экен.

Апам менен окуган ошол 30-жылдардын балдарынын баары кийин белгилүү инсандар болуп чыга келишкен. Балалыгы оор өткөнүнө карабай алдыга чоң-чоң максат коюп, талыкпай эмгектенип, билим алып отуруп мүдөөсүнө жетишиптир. Кийин алар өлкөнүн атын чыгарышты.

— Атаңыз менен кандайча таанышып калышкан экен?

— Бул тууралуу кичине кезибизде апамдан көп сураганбыз. Апам биолог болуу максаты менен Москвадагы МГУга тапшырып калат. Бирок ал убакта кароо-сынактар көп өткөрүлүп турчу экен. Бир жолу Фрунзедеги чоң стадиондо студенттер арасында өткөн концертте апам ырдап чыкканда ошол кездеги өлкө башчылары байкап калат. Ошондон кийин эле "сен ырдашың керек экен" деп бир топ балдар-кыздарга кошуп Москвадагы консерваторияга жөнөтүп жиберишет. Москвада окуп жүрүп атам экөө табышып калып, үйлөнүшкөн. Кийин 1980-жылдары апам экөөбүз устаты Виктория Рождественскаянын үйүнө барганбыз. Ошондо ал киши "атаң менен апаң ушул үйдө баш кошуп, ЗАГСка барып никеге турушкан" деп айтты.

Анан экөө окууларын бүткөн соң Фрунзеге келип театрга жумушка киришет. Атам биринчи Москва консерваториясынын опера ырчысы адистигин бүткөн. Бул жакта иштеп баштагандан кийин Ленинград шаарындагы консерваториянан режиссёр адистигине ээ болуу үчүн кайра кеткен. Аны беш жыл окуп келгенден кийин деле чогуу жашап жүрүп, кийин болбой эле эки жолго түшүштү. Мен анын себебин азыр түшүнүп жатам. Анткени эки чыгармачыл адамдын, эки лидердин бирге түтүн булатышы оор болуп калат. Ошону менен эжем экөөбүз апамдын колунда калганбыз.

— Кайыргүл Сартбаеванын чыгармачылыкка келип калуусуна, ушундай таланттын ээси болушуна окуудан тышкары ген да таасир этсе керек...

— Таятам комузду жакшы чертчү экен. Илгери манасчылар, акындар баштаган чыгармачыл адамдар айылдарды кыдырчу. Анан алар Кара-Булак айылына да көп барыптыр. Апамдар концерттерге калбай барып, ал аз келгенсип кайра үйүнө мейман кылып, таң аткыча ыр угушат. Апамдын ырга жакын болуп чоңоюшуна мунун да таасири чоң. Кийин мектепте да концерттерге активдүү катышып жүрөт. Бирок апам эч качан артист болууну ойлобоптур. "Илимпоз болом" деп жүрүп эле сынакка катыша калып, ойдо жок жерден ырдап калган экен. Бирок азыр "кесибиме, театрга жан дүйнөмдү, рухумду толук бердим" деп калат.

Народная артистка Киргизской ССР Каиргуль Сартбаева
© Sputnik / Александр Поготов
СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева.

— Сахнанын жылдызы, элибиздин учу-кыйырына аты таанылган опера ырчысы үйдө кандай эне. Өзүңүз айткандай, мурда артисттер колхоздорду да кыдырып концерт коюп, гастролдо көп жүрүшчү эмес беле?

— Апам ал кезде чынында бир нече айлап гастролго чыкчу эле. Үйгө абдан чарчап келчү. Ошондо да биздин айткан тамагыбызды жасап берип, жакшы эне болууга абдан аракеттенчү. Кээде эшикте балдар менен ойноп жүрүп кечинде үйгө келгенде "апа, баланчанын апасы пирожки жасап берет экен. Сиз качан жасап бересиз?" дечүмүн. Апам дайыма "балам, пенсияга чыкканда дайыма жаныңда болуп, баарын жасап берем" деп койчу. Азыр 85 жашка чыкты, бирок кудайдын дарманы менен дагы да консерваторияда сабак берет. Анан эжем экөөбүз кээде эркелеп, бир чети тамашалап: "Апа, качан үйдө отуруп пирожки жасап бересиз?" — деп күлүп калабыз.

Бирок апам кичинебизде бизди катуураак кармады. Анткени өзү жумушуна байланыштуу үйдө көп боло албай калгандыктан бейбаштык кылып же көчөдө калбасын деп тынчсызданчу окшойт. Кичинемде абдан тентек болчумун. Мугалимдер дайыма "апаң качан гастролдон келет? Мектепке келип кетсинчи, кичине даттанып алалы" деп апамды күтүшөр эле. Ал мектепке барганда "эми үйгө барганда эмне болор экен" деп ичимден кыпылдап турчумун. Бирок урушпай эле "жүрү балам, сүйлөшөлүчү" деп чакырып алып, "мен жумушумду абдан жакшы көрөм. Сахнага чыгып элге өнөрүмдү тартуулашым керек. Эгер сен мага жардам бербесең, мен кантип иштей алам" деп түшүндүрчү. Ушул кезге чейин апама ыраазычылыгымды айтам. Ал киши ушундай туура тарбия, багыт бербесе мен кайсы кесипти, кандай жолду тандайт элем, билбейм?

— Режиссёр болууңузга апаңыздын таасири чоң болдубу?

— Эми апамдын да, атамдын да таасири болду. "Атам окуган Ленинграддагы консерваторияга мен да барып окуюн, даярданайын" десем, алгач апам "театрга да барбайсың, артист да болбойсуң. Андан көрө илим менен кет" деп аябай каршы чыккан. Мен да көгөрүп башка окууга тапшырбай жүрдүм. Бир күнү болбой эле документимди колума карматты да, университеттин тарых факультетине жиберип койду. Апамдын көңүлүн калтырбайын деген ой менен бир жылдай окудум. Совет доорунда 18 жаштагы балдардын баарын аскерге алып кетчү. Анан эки жыл аскерде жүрдүм. Анда да "апа, Москвада ГИТИС деген окуу жай бар экен. Ошол жакка окууга өтөйүн, уруксат бериңизчи" десем макулдугун берди. Ошону менен аскерден кийин дароо Москвага окууга кеттим. Атам болсо эч убакта каршы болчу эмес. Бирок "апаңдан сура" деп турчу. Апам өзү көргөн кыйынчылыктарды менин көрүшүмдү каалаган эмес окшойт.

— Ата-энеңиз эки башка жолго түшкөндөн кийин кандай мамиледе болушту?

— Эми экөө тең кесиптештер да. Бирок атам оорудан улам 48 жашында эле кетип калды. Сый мамиледе болушту, уруш-талашын деле көргөн жокпуз. Дайыма чоң энебиздикине барып, аралашып эле чоңойдук. Апам да "атаңар бар, катышкыла" деп айтып турчу.

Народная артистка СССР Кайыргуль Сартбаева
© Фото / из личного архива Искендера Сартбаева
Кайыргүл Сартбаева быйыл, 2021-жылы 85 жашта, кутман куракта.

— Чыгармачыл адамдардын мүнөзү оор келерин айтабыз, апаңыздыкы кандай?

— Бир образды ийне-жибине чейин өздөштүрмөйүн сахнага чыкчу эмес. Спектаклге даярдануу мезгилинде башка киши, ал бүткөндөн кийин такыр бөлөк апа болуп чыга келчү. Эжем экөөбүз апам сахнага жаңы роль жаратып чыгар алдында үйдөгү тынчтыкты сактап, эс алуусуна шарт түзүүгө аракет кылчубуз. Анан спектакль бүткөндө гүл кучактап эле жайдары кирип келчү. Апам чет мамлекеттен келгенде туугандар да үйгө чогулуп, "кандай экен, эмне көрдүң?" деп түнкү үчкө чейин отурчубуз. Апамдын улуттук тамактарды сагынарын билип, бешбармак жасасак "ой, кичине жыргап калдым, кыргызымдын жытынан..." деп ырахаттанып алчу.

Азыркы артисттер мурункулардай кесибине көп көңүл бурбай калышты. Өзүмдүн окуучуларыма "эгер апамдай артист келсе, тизелеп туруп тосуп алат элем" деп айтам. 1980-жылдары кыргыз опера-балет искусствосу жогорку чегине жетип, алтын үндүү таланттар иштешкен. Карап көрсөк, Артык Мырзабаевдин үнү баритон, Болот Миңжылкыевдики бас, Кусеин Муктаровдуку бас, апамдыкы сопрано, Наринэ Акрамова меццо, Токтоналы Сейталиев тенор. Мындайча айтканда, 5-6 локомотив бар болчу.

— Ден соолугуна байланыштуубу же жаш курагынанбы, айтор, ар бир артист сахнаны таштап кетүүгө аргасыз болот эмеспи.Чыгармачылык кризис убагында апаңыз өзүн кандай алып жүрдү же кантип алаксыды?

— Бийчилер эрте, 40 жашында эле сахнадан кетишет. Ал эми ырчылар келбети образга туура келсе, үнү жараса ырдай беришет. Бирок сахнанын тузу оор да. Өмүр бою сахнада жүрүп кайсы бир себеп менен чыкпай калуу артисттер үчүн психологиялык чоң сокку болот. Ал эми апам өзүн буга мурдатан даярдап, студенттер менен билимин бөлүшүп, сабак бере баштаган. Кийин окутуучулукка акырын өтүп, ошол себептен да бул абалдан оңой чыгып кетти окшойт. Анан жаш балдарды көргөндө өзүнүн неберелерин элестете берет. Аудиторияга киргенде эле дароо студенттеринин курсагынын ач-тогун сурайт.

— Чыгармачылыкта тирешүүлөр, тоскоолдуктар болот эмеспи. Театрдын ички интригалары бул кишинин да чыгармачылыгына кесепетин тийгизсе керек?

— Кесепети тийчү. Кээде майда түшүнбөстүктөр болсо, айрым учурда жүрөгү катуу ооруп ыйлачу. Эми ар кандай маселелер болду. Бирок эч нерсеге карабай ишин токтоткон жок. Таң калганым, ал убакта театрдын аксакалдары жумуштагы келишпестиктерди жашоо-турмуш менен аралаштырышчу эмес.

Народный артист КР Дооронбек Садырбаев и народная артистка СССР Кайыргуль Сартбаева
© Фото / Александр Федоров
СССРдин Эл артисти Кайыргүл Сартбаеванын катышуусунда КРдин Эл артисти, режиссер Дооронбек Садырбаев Кыргыз ССРинин 50 жылдыгына карата уюштурулган концертти тартып жаткан учуру.

— Азыр чоң апа, таене болду дедиңиз. Келинге кандай кайнене болду?

— Кайненелик кылганды билбейт да (күлүп). Азыр жубайым да "сен ырдай албай жатасың, минттиң" деп бир да жолу ишимди сындаган жок" деп ыраазы болуп калат. Апам "аман-эсен, курсагыңар ток, урушпай-талашпай оокатыңарды кылсаңар эле ыраазымын" деп калат. Эч качан биздин турмушубузга кийлигишкен жок. Чыгармачылыкта кеңешин гана берет. Жездем азыр каза болуп калды. Ал киши менен да сый мамиледе болчу. Кайненедей каймана эмес түз эле мамиледе болушту. Ал эми азыр апама неберелери сонун, алардан таттуу чөбөрөлөрү бар.

— Негизи бул киши кантип эс алууну жактырат? Эргүүнү кайдан алат?

— Айылга барса аябай эс алып келет. Анан Көлгө барганды абдан жакшы көрөт. Бала кезибизде апабыздын эмгек өргүүсүн эжем экөөбүз аябай күтчүбүз. Июнь, июль айларында театр гастролго кетип, августтун аяк жагында 10-15 күнгө эс алышчу. Апам келип эле "даярдангыла, эртең Көлгө кетебиз" дечү. Бала кезде Көлгө барып эс албаган бир да жылыбыз болгон жок. Анан "апа, балдарда велосипед бар, мага да сатып бер" деп аябай эзчүмүн. Бирок "жалгыз бала болсоң" деп коркуп алып берчү эмес. Ошону менен велосипед теппей калдым. Кийин элүүгө чыкканда атайын машина белек кылды (күлүп).

— Ар бир үй-бүлөнүн салт-санаа, эрежеси бар эмеспи. Сиздерде кандай?

— Үйдө бирөөбүз жок болсок, апам тамак ичпейт. Бири-бирибизди күтүп, дасторконго чогуу отурабыз. Азыр небере-чөбөрөлөрүнүн баары чогулганда деле апам төргө отура албайт. Тиги тамагын, мунусун алып келип эле "иче кой, же" деп жүгүрүп жүрө берет.

— Быйыл апаңыздын 85 жылдыгы экен. Мамлекеттик деңгээлдеги мааракеге даярдыктар да болуп жатса керек...

— Маданият министрлигине да рахмат, буюрса ушул күздө расмий түрдө өткөрөбүз деп жатышат. Ага биз да даярданып жатабыз. Апам үйдө радиону көп угат. Анан "коронавирустун 4-толкуну келе жатыптыр. Менин юбилейиме келем деп ооруп калышса эмне болот" деп чочулап жатат.

Солистка Киргизского академического театра оперы и балета Сартбаева
© Sputnik / РИА Новости
Сартбаева Кайыргүл классикалык жана улуттук опералардагы негизги партияларды аткарган. Анын ичинен "Манас" операсында Каныкейдин, "Айчүрөктө" Айчүрөк, Калыйман, Келин жана башкалардын образдарын жогорку чеберчиликте тартуулаган.

— Кайыргүл Сартпаева негедир саясатка да, кызматка да аралашкан жок...

— Мен армияда жүргөндө искусство институтунда беш жыл ректор болуп иштеп калды. Ошондон кийин "жок, жетекчилик кызмат мага болбойт экен. Ырдап жүргөнүм эле жакшы" деди эле. Ошондон кийин андай кызматтарга жологон жок. Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов бир жылдары Кыргыз драма театрына директор болуп калган. Бир аз иштегенден кийин Борбордук комитеттин партиясына барып "мени алып эле салгылачы, артист эле болоюн" деп айткан экен. Айрым адамдар кызматка, саясатка барууну жактырбайт.

Апам "чыныгы чыгармачыл адамдар сахнага чыкканда гана өнөрүн, наамын көрсөтүшү керек. Ал эми эл арасында кадимки эле жупуну адам" дейт. Муну кесипкөйлүктүн белгиси катары эсептейт.

— Апаңыздын дагы бир үлгү болуучу сапатын айта кетпесек болбойт. Ушуга чейин "Эне", "Мээрим", "Тоо гүлү" аттуу кайрымдуулук фондуларынын активдүү мүчөсү катары жакшы иштерди жасап келет...

— Кайрымдуулук жасоонун өзүнө жаккан да себеби бар. Апам ата-энесинен эрте ажырап, интернатта өсүп калгандыктан ошол кездерин эч унутпайт. Жүрөгүндө калган. Жогорудагы фондулар ушундай жетим кыздарга да жардам беришет экен. Азыркыга чейин алар менен иштешет. Өзүнүн да Кайыргүл Сартбаева атындагы фонду бар. Азыр толук иштетүүгө убактысы да, шарты да жетишпей жатат.

6636
Белгилер:
Кайыргүл Сартбаева, опера, театр, талант, Артист, артист, ыр, Москва, консерватория
Тема боюнча
Тууганбай Абдиевдин иниси Калыбек: түшүндө Токтогул оозуна алтын себелегенин айтчу
Коргол акындын небереси Турсун Досуева: атабыздын Акбакайга жетпей калган себеби бар
Россиянын федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Казбек Тайсаев

Байкоочу: башка мамлекеттер Кыргызстандын шайлоо системасын киргизиши керек