Аламүдүн райондук милициянын тергөөчүлөрү пара менен кармалды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРАламүдүн милиция тергөөчүлөрү пара менен кармалды
Аламүдүн милиция тергөөчүлөрү пара менен кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Тергөөчүлөр алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 70 миң сом пара талап кылган деп айыпталууда.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Чүй облусундагы Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарларды.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРЧүй облусундагы Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды
Чүй облусундагы Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Чүй облусундагы Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРБилдирүүгө ылайык, атайын кызмат ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-иликтөө жүргүзгөн
Билдирүүгө ылайык, атайын кызмат ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-иликтөө жүргүзгөн - Sputnik Кыргызстан
2/2
Билдирүүгө ылайык, атайын кызмат ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-иликтөө жүргүзгөн
1/2
Чүй облусундагы Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды
2/2
Билдирүүгө ылайык, атайын кызмат ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-иликтөө жүргүзгөн
Билдирүүгө ылайык, атайын кызмат ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-иликтөө жүргүзгөн. Натыйжада тергөөчүлөр Н.Д. аттуу жарандан алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 70 миң сом пара талап кылганы белгилүү болгон.
"10-ноябрда тергөөчүлөр Бишкек шаарындагы банктардын биринен Б.К.Н. аттуу жарандын банк картасы аркылуу Н.Д. өкүлү А.И. аттуу кишиден 70 миң сом алышкан. Ал эми 12-ноябрда тергөөчү Г.М.Ш. алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтом чыгарганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Пара талап кылган деген шек менен милиционерлер кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.07.2021
УКМК пара талап кылган деген шек менен Сокулуктун үч милиционерин кармады
Бул иш боюнча Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап пара алуу") менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Аламүдүн РИББдин кармалган тергөөчүлөрүнүн бири Г.М.Ш. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тийиштүү тергөө иш-чаралары уланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0