Алтайда Кыргызстанга арналган сүрөт көргөзмө ачылат

© Sputnik / Табылды КадырбековМузейдин экспонаттары. Архив
Музейдин экспонаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Кыргызстанга окумуштуулар кыргыздардын көчмөн маданиятын изилдеп, алтай элинин салты менен салыштыруу максатында келип кетишкен.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Алтай мамлекеттик университетинде жана Ысык-Көлдөгү көчмөн цивилизация борборунда 20-ноябрда бир убакта "XXI кылымдагы көчмөн маданиятынын чеги" аталышындагы сүрөт көргөзмө ачылат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди. 
Анда "Чоң Алтайдын түрк-монгол дүйнөсү: тарыхтагы жана азыркы замандагы биримдиги жана көп түрдүүлүгү" долбоорунун алкагында эл аралык этнографиялык экспедиция учурунда тартылган 100гө жакын сүрөт коомчулукка тартууланат.
Бул долбоорду Алтай университети Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин тапшырмасы менен ишке ашырууда.
Манас эпосу айтылып жатканда эл дымып уккан - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Түрк элдеринин азыркы урпактары: көчмөндөр, малчылар, боз үй жана "Манас"
Ушул жылдын сентябрь айында Кыргызстан менен Россиянын 12 жогорку окуу жайынан жана илимий мекемелеринен 20 этнограф менен тарыхчы Ысык-Көл, Нарын облустарындагы ондон ашуун айылдарда болгон. Алар көчмөн кыргыз маданиятынын азыркы көрүнүштөрүн жазып алган, ошондой эле буюмдар менен оозеки материалдарды чогултушкан. Андан соң алтайлыктардын жана Чоң Алтайдагы түрк элдердин көчмөн салттары менен салыштырууну көздөгөн. 
"Сүрөт көргөзмөдө экспедиция мүчөлөрү менен тоолуу Кыргызстандын сүрөттөрү, кол өнөрчүлөр менен малчылардын портреттери, улуттук кийим, үй буюмдары, кийиз, килемдер жана башка көчмөн турмуштун элементтери көрсөтүлөт. Экспедицияда чогулган буюмдардын бир бөлүгү жана сүрөттөр Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизация борборуна сактоого берилет", — деп билдирди уюштуруучулар. 
Башкы уюштуруучу Иван Назаровдун айтымында, экспедиция эки өлкөнүн илимий потенциалын бириктирүүгө, салттуу көчмөн маданиятынын сакталып калган көрүнүштөрү боюнча уникалдуу маалыматтарды чогултууга, кыргыз жана алтай маданиятынын аспектилерин салыштырып изилдөөгө мүмкүнчүлүк берген акыркы 70 жылдагы эл аралык деңгээлдеги алгачкы масштабдуу долбоор болуп калды.
Жаңылыктар түрмөгү
0