Бишкектеги шайлоо тилкесинде киши добуш берип жатат. Архив

Көбү добуш сатып алып, админресурс колдонгон. ИИМ бузулган эрежелерди тизмектеди

445
(жаңыланган 12:37 15.11.2021)
Милиция жалган маалымат тараткандарды аныктоо үчүн ЖМК менен соцтармактарга да мониторинг жүргүзүп жатканын эскертти.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Парламенттик шайлоонун үгүт иштери башталгандан ушул күнгө чейин шайлоонун жол-жобосун бузган 128 факты катталды. Бул тууралуу ИИМдин 15-ноябрдын саат 8:00гө карата берген маалыматында айтылат.

Анын ичинде Жазык кодекси боюнча 28 кылмыш каттоого алынган:

  • 192-берене, "Шайлоочуларды сатып алуу" — 21 факты;
  • 82-берене, "Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу" — 2;
  • 200-берене, "Уурдоо" — 2;
  • 355-берене, "Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук" — 1;
  • 145-берене, "Өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу жана коркутуу" — 1;
  • 266-берене, "Ээнбаштык" — 1.

Жоруктар кодекси боюнча 27 факты:

  • 119-берене, "Майда бейбаштык" — 1;
  • 87-1-берене, "Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу" — 18;
  • 94-берене, "Бөтөн мүлктү жок кылуу же зыянга учуратуу" — 6;
  • 90-берене, "Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо" — 6;
  • 66-берене, "Ден соолукка жеңил зыян келтирүү" — 1.

Ал эми ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо журналына ар кандай 73 материал жазылган. Анын ичинен 43ү номенклатуралык ишке чыгышталган, 15и аймактык шайлоо комиссиясына карап чыгууга жөнөтүлгөн, сегизи башка сотко чейинки өндүрүшкө бириктирилген, дагы жетөө каралууда.

"Ички иштер министрлиги саясий маселелерге катышпайт. Бардык жарандарга жана партияларга бирдей мамиле кылат, кырдаалды туруксуздаштырууга жол бербейт. Бирок укуктук тартиптин бузулушу боюнча фактылар орун ала турган болсо мыйзам чегинде чара көрөт", — деп жазылган билдирүүдө.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мындан сырткары, ИИМ коомду тынчсыздандырууга түрткөн жалган маалымат тараткандарды аныктоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарына, социалдык тармактарга жана телерадио жыштыгына мониторинг жүргүзүп жатканын эскертти.

Ошондой эле мындай иштерден алыс болууга чакырып, андай фактылар боюнча 102 телефон номери аркылуу кабарлоону суранат.

445
Белгилер:
шайлоо, ИИМ, мыйзам бузуулар, каттоо, добуш, сатып алуу, чара көрүү
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо (281)
Тема боюнча
ЖМК менен соцтармактарга байкоо салынууда. ИИМ шайлоо алдында эскертүү жасады
Дарыгер COVID-19га каршы вакцина даярдап жатат. Архив

ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү "омикрон" штаммы тууралуу эмне белгилүү экенин айтты

22
(жаңыланган 18:05 30.11.2021)
Коронавирустун "омикрон" жаңы штаммынын 32ден ашык мутациясы бар. ДССУ өкүлү алардын айрымдары кооптонуу жаратарын айтты.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Коронавирустун "омикрон" жаңы штаммы учурда толук изилденип бүтө элек. Бирок ал иммунитети бар адамдарга дагы жуга турганы белгилүү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлү Акбар Эсенгулов билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстандын пресс-борборунда өткөн "Дүйнөгө коркунуч жараткан штамм-супермутанттан Кыргызстан кантип коргонот" аталышындагы брифингге катышты.

Эсенгуловдун айтымында, ДССУ жаңы штамм тууралуу 24-ноябрда Түштүк Африка өкмөтү инфекция табылганын кабарлагандан кийин билген.

Сотрудник офиса Всемирной организации здравоохранения по чрезвычайным ситуациям в Кыргызстане Акбар Эсенгулов на брифинге в пресс-центре Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлү Акбар Эсенгулов
"Бул штаммдын мутациялары көп, 26дан 32ге чейин жетет. Алардын айрымдары тынчсызданууну жаратат. Штамм канчалык оор ооруну пайда кылары жана мурунку инфекцияларга салыштырмалуу канчалык жугуштуу экени азырынча белгисиз. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал мурда иммунизацияланган адамдарда да кайра инфекцияны козгоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондуктан биз өлкөлөрдү бул коркунучка карата даярданууга жана көзөмөлдү күчөтүүгө чакырабыз", — деген Эсенгулов.

Анын айтымында, коргонуу боюнча калкка мурдагыдай эле сунуштар айтылат:

  • Колду самындап жуу;
  • Социалдык аралыкты сактоо;
  • Эл көп чогулган жерлерге баруудан кармануу.

Эске салсак, министрлер кабинети Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен COVID инфекциясынын "омикрон" жаңы штаммынын пайда болушу боюнча чукул кеңеш өткөргөн. ДССУ аны кооптуу штаммдардын катарына киргизген. Саламаттык сактоо жана Тышкы иштер министрликтерине вирустун жаңы мутациясынын Кыргызстанда жайылышын алдын алуу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.

22
Белгилер:
Кыргызстан, 'омикрон' штаммы, жаңы штамм, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
"Омикрон" штаммынан коргонуунун жападан жалгыз жолу айтылды
Жугуштуу илдеттер ооруканасы COVID жуктургандарды кайра кабыл алмай болду
Кыргызстанга кирүүдө 1-декабрдан тарта ПЧР-тест талап кылынат
Митингчилер. Архив

Таласта Дастан Жумабековдун шайланышына каршы болгондор митингге чыкты

173
(жаңыланган 16:49 30.11.2021)
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, Жумабеков атаандашы Назарбековдон 125 добуш айырма менен алдыда баратат.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Талас облусунун Кара-Буура районунда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон адамдар митингге чыкты.

Алар Кызыл-Адыр айылына чогулуп, №20 Манас шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Дастан Жумабековдун утуп чыгышына каршылыгын билдиришүүдө. Топтолгондор Жумабековду добуш сатып алууга күнөөлөп жатышат. Ошондой эле шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтышты.

Чогулгандар ушул эле округдан талапкерлигин койгон Мирлан Назарбековдун тарапташтары.

№20 Манас шайлоо округунда учурда бюллетендердин 96,41 пайызы кол менен эсептелип бүттү. Анда Жумабеков 13 171 добушка ээ болуп алдыда баратат. Ал эми Назарбеков элдин 13 046 добушу менен экинчи орунда турат.

173
Белгилер:
Дастанбек Жумабеков, Талас облусу, митинг, каршылык, шайлоо
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо (281)
Тема боюнча
БШКнын имаратынын алдында митинг өтүп жатат. Видео