Дайынсыз болуп жаткан бишкектик 13 жаштагы кыз табылды

Кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Анын жоголуп кеткендиги тууралуу кабар бүгүн эртең менен тараган. Милицияга жардам сурап кыздын апасы кайрылган.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бишкекте жоголгон 13 жаштагы Мырзайым Каниметова табылды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдирди.
© Фото / пресс-служба УВД Октябрьского района БишкекаБишкекте жоголгон 13 жаштагы Мырзайым Каниметова табылды
Пропавшая накануне 13-летняя Мырзайым Каниметова найдена - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Бишкекте жоголгон 13 жаштагы Мырзайым Каниметова табылды
Анын борбор калаада жоголуп кеткендиги тууралуу кабар бүгүн эртең менен тараган. Милицияга жардам сурап кыздын апасы кайрылган.
Милициядан билдиргендей, өспүрүм курбусунун Руставели көчөсүндө жайгашкан үйүндө болгон.
"Кыз аман-эсен табылып, ата-энесинин колуна тапшырылды", — деди укук коргоо органдарынан.
Бишкек милициясы адамдын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда 102 номуруна чалуу керектигин эске салат.
Жаңылыктар түрмөгү
0