Министр: Кыргызстанда COVID-19га каршы ревакцинация декабрда башталат

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOВакцина алып жаткан адамдар. Архив
Вакцина алып жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Министр Бейшеналиевдин айтымында, Кыргызстанга жеткирилген препараттар калкты кайрадан вакцинациядан өткөрүүгө жетиштүү.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска каршы ревакцинация декабрдан тарта башталат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Ала-Тоо 24" телеканалынын эфиринде билдирди.
Анын айтымына караганда, өлкөгө алып келинген препараттардын эффекти жарым жылдан бир жылга чейин деп белгиленген.
"Жазында вакцина алган жарандар антителого тест тапшырышы керек. Эгер көрсөткүч үчтөн кем болсо анда ревакцинациядан өтүү керек. Декабрдан тарта антителосу төмөнкү деңгээлде болгондорго кайрадан эмдөөдөн өтүүнү сунуштайбыз", — деди министр.
Ал ошондой эле калкты кайрадан эмдөө үчүн вакцина жетиштүү экенин кошумчалады.
Расмий маалыматтар боюнча, апрель айынан бери вакцинанын биринчи дозасын 1 038 427, экөөнү тең 817 530 киши алды.
Жаңылыктар түрмөгү
0