Кыргызстанда 15 жаштан ашкан өспүрүмдөр коронавируска каршы эмделе баштайт

© AFP / RODRIGO BUENDIAВакцина алып жаткан өспүрүм. Архив
Вакцина алып жаткан өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Министр Республикалык штаб бул маселени декабрь айында чече турганын айтып, өспүрүмдөр өз эрки менен эмделерин белгилеген.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 15 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр коронавируска каршы вакцина ала баштайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Ала-Тоо 24" телеканалынын эфиринде билдирди.
Анын айтымында, Республикалык штаб бул маселени декабрь айында чечет. Өспүрүмдөр өз эрки менен эмделет.
"Чет өлкөгө чыгуу үчүн өз эрки менен вакцина алууну каалаган өспүрүмдөрдү эмдей баштадык", — деди Бейшеналиев.
Буга чейин министр Кыргызстанда кайрадан эмдөө жүрөрүн маалымдаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0