Садыр Жапаров: бүгүн-эртең көмүрдүн баасы төмөндөйт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Бишкектеги ТЭЦ-2 конушунун жашоочулары менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров Бишкектеги ТЭЦ-2 конушунун жашоочулары менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2021
Жазылуу
Өлкө башчы күз-кыш мезгилиндеги көмүрдүн баасын чечүү боюнча министрлер кабинетине тапшырмалар берилгенин белгилеген.
БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Бүгүн-эртең Бишкекте көмүрдүн баасы сезилерлик төмөндөйт. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров ТЭЦ-2 объектисинин жанындагы конуштун тургундары менен жолугушуу учурунда билдиргенин президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Көмүр менен самосвал. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Монополияга каршы агенттик көмүрдүн баасы эмнеге кымбаттап жатканын түшүндүрдү
Белгилей кетсек, көмүрдүн кымбаттап кетишин токтотуу максатында өкмөттүн атайын токтому чыккан. Анын негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги ар бир аймакта кара алтындын баасын бекиткен. Ага карабай ишкерлер жана ортомчулар көмүрдү кымбат сатып, элдин нааразычылыгын жаратып жаткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0