Күнүгө колдонобуз. Жүрөк оорусун пайда кылган азык аталды

© Фото / PexelsКөкүргөнүн кармап жаткан адам. Архив
Көкүргөнүн кармап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Жазылуу
АКШнын окумуштуулары туз менен жүрөк-кан тамыр ооруларынын байланышын аныктоо үчүн 10 миң кишинин заарасынын анализин карап чыккан.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Американын кардиологиялык бирикмесинин окумуштуулары тузду көп колдонуу жүрөк-кан тамыр ооруларына кептей турганын аныктады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Чашка чая - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2021
Окумуштуулар: кан басымы жогорулар кара чай ичиши керек
Чогултулган маалыматтар жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган 571 кишинин дарты натрийди (туздун курамында арбын болот) көп колдонуп, калийди аз пайдаланышы менен түздөн-түз байланыштуу экенин көрсөткөн.
"Мындайча айтканда, тузду ашыкча колдонуу жүрөк оорусуна кабылуу тобокелдигин 18 пайызга жогорулаткан", — деген Коомдук саламаттык сактоо боюнча Гарвард мектебинин илимий кызматкери Юань Ма.
Адистер туздун организмге зыяндуулугун алдын алуу үчүн анын суткалык нормасын кайрадан аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүүнү пландап жатышканы айтылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0