Көмүр сатуу. Архивдик сүрөт

Бишкектин кайсы жеринде көмүр 3 миң сомдон сатылып жатканы айтылды. Дарек

270
(жаңыланган 10:05 16.11.2021)
Арзан сатылган көмүр Бишкекке Кара-Кечеден алып келинүүдө. Президент Жапаровдун айтымында, муну мамлекет демилгелеп, өз колуна алган.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бишкекте бир тонна көмүрдү 3 миң сомдон Мурманская көчөсү, 1б/1 дарегинде сатып жатышат. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына "Кыргыз көмүр" ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.

"Азырынча бир үй-бүлө 2 тоннадан гана ала алат. Кийинчерээк бул чектөөнү жоюу пландалып жатат",— деди Зоотбекова.

Кечээ, 15-ноябрда, президент Садыр Жапаров ТЭЦ-2 объектинин жанындагы конуштун тургундары менен жолугушуу учурунда Кара-Кече көмүрүнүн баасы 3 000 сомго түшөрүн убадалаган.

270
Белгилер:
Бишкек, көмүр, баа
Тема:
Бишкектеги 3 миң сомдук көмүр (14)
Тема боюнча
Кыштан жылыткычсыз чыгуунун жолдору. Жөнөкөй 14 кеңеш
Көчөдө бараткан аял. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

91
30-ноябрь, шейшембиге, караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. 30-ноябрда республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.

Абанын температурасы Чүй облусунда +9...+14, Таласта +8...+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көл өрөөнүндө +2...+7, Нарын аймагында -2...+3 градуска чейин көтөрүлөт.

Борбор калаада күндүн табы +12...+14, Ош шаарында +13...+15 градуска чейин жете турганы айтылды.

91
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Дүйнө тынчсызданган "омикрон" штаммынын белгилери, кайдан чыкканы айтылды
Коронавируска ПЦР-тест жасап жаткан лаборатория кызматкери. Архив

Кыргызстанга кирүүдө 1-декабрдан тарта ПЧР-тест талап кылынат

144
(жаңыланган 20:35 29.11.2021)
Министрлик менен ведомстволорго COVID-19дун жаңы штаммына байланыштуу даярдыкта туруу тапшырылды.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. 1-декабрдан тарта өлкө аймагына кирүүдө милдеттүү түрдө ПЧР-тест талап кылынат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Мындай чечимди министрлер кабинети өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын жайылышына жол бербөө үчүн кабыл алган.

"Чет элдик жарандар жана кыргызстандыктар өлкө аймагына кирүүдө эмделген сертификатынан тышкары ПЦР-тестинин терс жыйынтыгын көрсөтүшү керек", — деп жазылган маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлиги "омикрон" штаммынын очогу аныкталып жаткан өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалга көз салып жатканы белгиленди.

Ал эми вирус тарап жаткан мамлекеттердин тизмеси Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына берилип, ал өлкөлөрдүн жарандарына Кыргызстандын аймагына кирүүгө тыюу салынат.

Министрлик менен ведомстволорго COVID-19дун жаңы штаммына байланыштуу толук даярдыкта туруу тапшырылган.

Кечээ өлкөнүн министрлер кабинети Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) менен COVID-19дун "омикрон" деген жаңы штаммы боюнча ыкчам жолугушуу өткөргөн.

144
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, 'омикрон' штаммы, тест
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
Министрлер кабинети ДССУ менен COVID-19дун жаңы штаммы боюнча жыйын курду