Бүгүн Кара-Кечеден дагы 350-400 тонна көмүр алынып келинет

© REUTERS / ALY SONGКампадагы көмүр. Архив
Кампадагы көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Жазылуу
Кара-Кечеден көмүр ташып келүү үчүн мамлекет тарабынан кошумча жүз унаа бөлүнгөн. Учурда бааны түшүрүү үчүн жеке ишкерлер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды.
БИШКЕК, 16-ноябрь - Sputnik. Бүгүн Кара-Кече кенинен Бишкек шаарына дагы 350-400 тонна көмүр алынып келинерин "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.
Анын айтымында, учурда ар бирине 25-30 тонна көмүр жүктөлгөн 16 автоунаа борборду көздөй келе жатат.
"Автоунаалар Мурманская көчөсү, 1б/1 дарегиндеги кампага түшүрүлүп, 3000 сомдон сатылат. Кампага үзгүлтүксүз көмүр келип туруу үчүн Кара-Кечеден күнүнө 300-350 автоунаа жөнөтүлүп турат", ― деди ал.
Продажа угля по 3 000 сомов за тонну в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
3 миң сомдук көмүр сатылып жаткан кампадагы абал. Дрон менен тартылган видео
Зоотбекова ошондой эле көмүр ташып келүү үчүн мамлекет тарабынан жүк ташуучу дагы жүз автоунаа бөлүнгөнүн жана көмүрдүн баасын түшүрүү боюнча ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Кечээ, 15-ноябрда, президент Садыр Жапаров ТЭЦ-2 объектинин жанындагы конуштун тургундары менен жолугушуу учурунда Кара-Кече көмүрүнүн баасы 3 000 сомго түшөрүнө убада берген эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0