Кыз стаканга суу толтуруп жатат. Архив

Кыргызстанда 27 миң адам таза суу менен камсыз болот. Документке кол коюлду

103
(жаңыланган 20:32 16.11.2021)
Долбоордун арты менен канализация жана суу менен камсыздоочу система толугу менен оңдолуп, жарандар таза суу колдоно баштайт.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 27 миңден ашык кыргызстандыкты таза суу менен камсыздай турган документке кол койду.

Кеп "Кербен шаарындагы канализация жана суу менен камсыздоочу системаны реабилитациялоо" боюнча Кыргызстан менен Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын ортосундагы келишимди ратификациялоо мыйзамы жөнүндө болуп жатат.

"Бул долбоор ишке кирсе 27 620дан ашык адам таза суу менен камсыз болот. Аталган долбоор өлкөнүн суу тармагынын мындан аркы өнүгүүсүнө, негизинен, ичүүчү суу системасын реабилитациялоо жана курууга багытталат", — деп айтылат маалыматта.

Долбоордун арты менен суунун сапаты жакшырып, калк арасында сапатсыз суу аркылуу берилчү оорулардын саны кыскарары белгиленди.

103
Белгилер:
Кыргызстан, таза суу, долбоор, келишим
Тема боюнча
Адис кулерден суу ичүүнүн кооптуулугун айтты
Бишкектин айрым аймактарына жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат
Сахнадагы кыз. Архив

Балага эл алдында сүрдөбөй сүйлөөнү үйрөтүү керекпи? Психологдун пикири

8
Адис эч качан баланы кыйнап, бирөөлөрдүн алдында ырдатып-бийлетпеш керектигин айтат. Андан көрө өз эрки менен өнөрүн көрсөткөн учурда мактап, көңүлүн көтөрүп коюу зарыл.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Балага кичине кезинен баштап эл алдына чыгып сүрдөбөй сүйлөөнү үйрөтүүнүн канчалык зарылдыгы бар? Бул тууралуу РИА Новости агенттигине маек берип жатып Россиянын билим берүү тармагындагы психологдор федерациясынын мүчөсү, педагог-психолог Юлия Челышева айтты.

Алгач адис балага эл алдына чыгып сүйлөөнүн кандай пайдасы бар экенин түшүндүрдү.

"Сүйлөп жаткан адам ар дайым жалгыз болот. Аны угуп жаткандардын бардыгы ага карама-каршы турат. Ошол кезде бала канчалык өзүнө ишенип, жакшы сезсе, кийин ошончолук төгөрөгү төп келген адам болуп чоңоёт. Ал эми айтаар сөзүн таппай калган, уялчаак болуп чоңойгон кишини кийин оңдоо өтө татаал", — деди Челышева.

Ошондой эле ал балага публика алдында сүйлөөнү кантип үйрөтсө болорун айтып берди.

"Эч качан наристени кыйнап, коноктордун көзүнчө ырдатып, бийлетпеш керек. Анткени адам көпчүлүк учурда бирөөнүн баасынан коркот, өзүнө жакпаган сөз угуп калса чүнчүйт. Андан көрө үй-бүлө мүчөлөрүнүн арасында сүйлөп, жакшы өнөрүн көрсөткөндө мактап, жакшы сөздөрдү айтып коюу зарыл", — деди психолог.

Адис сөзүнүн аягында бала уялчаак болсо, аны алгач жалгыз киши эмес, топ-топ болуп иштеген спорттук же башка ийримдерге катыштырган жакшы экенин айтат. Анткени ал жалгыз эмес, артында командасы бар экенин билгенде акырындык менен өзүнө болгон ишеними бекемдей баштайт.

8
Белгилер:
бала, психология, комплекс, уялчаактык, публика, сүрдөө
Тема боюнча
Балага акчаны туура колдонгонду кантип үйрөтсө болот? Адистердин кеңеши
Бала татуировка жасатып, чачын жашылга боёйм десе эмне кылуу керек. Адистин кеңеши
Кыз. Иллюстративдик сүрөт

Дене себепсиз көгөрүп... Рактын чочулаткан белгиси айтылды

18
Дарыгерлердин айтымында, лейкоздун белгилери акырындык менен пайда болот. Кээ бир адамдарда бул оору таптакыр билинбей өрчүйт.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Денеде көгөргөн тактын пайда болушу ак кандан кабар бериши ыктымал. Бул тууралуу РИА Новости Express басылмасына таянып билдирди.

"Алгач алар кызыл так болуп көрүнөт. Андан соң түсүн өзгөртүп, карарат дагы ошол жер оорутуп баштайт. Аларды кара түстөгү териде байкоо оңой эмес", — деген медиктер.

Аталган онкологиялык оорунун башка белгилери: себепсиз арыктап, дененин ар кайсы жеринде шишик пайда болот, энтигүү, түнкүсүн тердөө, бүдүр чыгуу, сөөк, муундар ооруп, эс алган, уктаган учурда деле адам чарчап, өңү кубарып кетет.

Дарыгерлердин айтымында, лейкоздун белгилери акырындык менен пайда болот. Кээ бир адамдарда бул оору таптакыр билинбейт. Адистер азыр медицина өнүгүп, заманбап диагностика бар экенин айтып, дартты өз убагында аныктаса айыктырууга болорун белгилешкен.

18
Белгилер:
рак, ак кан, белги, дарыгер, оору, так
Тема боюнча
Мээни 11 жылга карытат. Ден соолукка зыян делген суусундук аталды
Инсультка кептейт. D витамини жетишпеген организм эмнеден жабыркайт