Өлкөдө вакцинанын үчүнчү дозасын кимдер алса болот. Министрликтин тизмеси

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер адамды коронавируска каршы эмдөө берип жатат
Медициналык кызматкер адамды коронавируска каршы эмдөө берип жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Жазылуу
Эртең, 17-ноябрдан тарта, Бишкектеги бардык эмдөө пунктуларынан кошумча дозаны алууга мүмкүн. Калган аймактарда жакынкы күндөрү жеткиликтүү болмокчу.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы вакцинанын кошумча — үчүнчү дозасын кимдер жана качан алса болорун айтып берди.
Министрлик буга чейин өлкөгө коронавируска каршы "Спутник Лайт" вакцинасынын 200 миң дозасы жеткирилгенин эске салды. Препарат бир дозалуу болуп саналат. Ревакцинация дал ушул вакцина менен жүргүзүлмөкчү.
"17-ноябрдан тарта Бишкектеги бардык эмдөө пунктуларынан коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын сайдырса болот. Калган аймактарда кошумча эмдөө жүргүзүү жакынкы күндөрү жеткиликтүү болмокчу", — деп жазылган маалыматта.
Кимдер алат:
  • иммундук жетишсиздиги орто жана өтө төмөндөр;
  • Sinopharm, Sinovac жана башка инактивацияланган вакциналарды алган 60 жаштан өткөн адамдар;
  • оору жугуу коркунучу жогору жерде иштеген медицина кызматкерлери;
  • коронавирус менен ооруп айыккандар (мурда вакцина алса дагы).
Кошумча доза жогорудагы биринчи үч категорияга алгачкы жолу эмдөөдөн өткөндөн алты айдан кем эмес убакытта сунушталышы мүмкүн. COVID болгондор айыккандан бир айдан кийин алышат. Сезондук сасык тумоого жана В вирустук гепатитине каршы вакциналарды сайдыргандар жети күндөн кийин коронавирустан сактаган эмдөөдөн өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0