"Кыргыз көмүр": Бишкекте көмүрдү арзан баада саткан кошумча кампалар ачылат

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКөмүр кампасында экскаватор. Архив
Көмүр кампасында экскаватор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Жазылуу
Борбордо арзан көмүр бир эле базада сатылууда. "Кыргыз көмүр" ишканасы кезекти азайтуу үчүн кошумча кампалар ачыларын убадалады.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бишкектен көмүрдү арзан баада 3 миң сомдон саткан кампалар ачылат. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
"Көмүргө суроо-талап жогору болуп жатканына байланыштуу кошумча базаларды ачуу каралып жатат. Бул узун кезекти да азайтмакчы. Көмүр кампаларынын даректери тууралуу кошумча маалымат беребиз", — деп билдирди ишкана.
Буга чейин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кара-Кеченин көмүрүнүн тоннасын 3 миң сомдон саткан жер уюштурулган. Кампа Бишкек шаарындагы Мурманская,1Б/1 көчөсүндө жайгашкан. Арзан көмүр бир эле жакта сатылып жаткандыктан чоң кезек жаралган.
Жаңылыктар түрмөгү
0