Бишкекте "КамАЗдын" автобусу сыноодон өткөрүлө баштады. Сүрөт

© Фото / пресс-служба Министерства экономики и коммерции КРБишкекте "КамАЗдын" автобусу сыноодо
Бишкекте КамАЗдын автобусу сыноодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Жазылуу
Буга чейин россиялык ишкана менен кыргызстандык компания өлкө аймагында автобустарды чогултуу боюнча келишимге кол койгон.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бишкекте "КамАЗ" ААКтын автобустарынын техникалык жактан жарамдуулугу текшерилип жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги кабарлады.
Транспорттун үлгүсү "КамАЗ" ААК менен Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташыган автобустарды чогултуу өндүрүшүн уюштуруу боюнча иш алып барган "Шыдыр Жол KG" ЖЧКнын биргелешкен долбоорунун алкагында алып келинген.
"ЖЧК Бишкектин шартында мындай автобустардын техникалык жарамдуулугун сыноо үчүн №35 шаардык каттамга автобустун үлгүсүн кошкон", — деп айтылат маалыматта.
Тараптар автобустарды чогултуу боюнча келишимге быйыл июнда кол коюшкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0