Ош шаарынын айрым райондорунда эртең газ өчүрүлөт

© Photo / Pexels / RODNAE ProductionsКиши газ плитасында тамак жасап жатат. Иллюстративдик сүрөт
Киши газ плитасында тамак жасап жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Жазылуу
Көгүлтүр от эртең мененки 9дан кечки 4кө чейин жок болот. "Газпром Кыргызстан" ишканасы бул аралыкта оңдоо иштерин жүргүзөт.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Ош шаарынын айрым райондорунда эртең, 18-ноябрда, саат 09:00дөн 16:00гө чейин газ өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы кабарлады.
Ишкананын кызматкерлери бул аралыкта Раззаков менен Кара-Суу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жер алдындагы түтүктү оңдоп, газдын сызылып чыгуусун токтотушат.
Буга байланыштуу Масалиев проспектисинде, Раимбеков, Ош, Аношин, Сун Ят Сен, Джим көчөлөрүндө газ өчүрүлөт.
"Газпром Кыргызстан" түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.
Жаңылыктар түрмөгү
0