COVID менен күрөшкөн медиктерге октябрь айы үчүн компенсация төлөндү. Суммасы

© Sputnik / Александр Патрин / Медиабанкка өтүүКызыл зонадагы медициналык кызматкер
Кызыл зонадагы медициналык кызматкер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Жазылуу
Фонд жалпы жонунан октябрь айы үчүн 44 миллион 396 084 сом бөлгөн. Жалпысынан 4 000ге чукул медик акча алган.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) дарыгерлердин октябрь айы үчүн компенсациясын төлөп берди. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.
Маалыматка караганда, ММКФ жалпы жонунан октябрь айы үчүн 44 миллион 396 084 сом бөлгөн.
"Октябрь айында Саламаттыкты сактоо уюмдарынын коронавирус менен күрөшкөн 3 931 кызматкерине компенсация берилди. Анын ичинен 825 дарыгер, 1 599 орто, 535 кичи медперсонал жана 972 башка кызматкерлер  алышты", — деп айтылат маалыматта.
Ай сайын төлөнчү компенсациянын республика боюнча бөлүштүрүлүшү:
  • Бишкек (COVID менен күрөшкөн 2 483 медкызматкер) — 23 176 387 сом;
  • Чүй облусу (457 медкызматкер) — 7 188 520 сом;
  • Ош облусу (276 медкызматкер) — 3 935 160 сом;
  • Баткен (68 медкызматкер) — 873 988 сом;
  • Жалал-Абад облусу (82 медкызматкер) — 1 692 758 сом;
  • Ысык-Көл облусу (352 медкызматкер) — 5 113 155 сом;
  • Нарын облусу (81 медкызматкер) — 770 751 сом;
  • Талас облусу (226 кызматкер) — 5 786 961 сом.
Жаңылыктар түрмөгү
0