БУУ: Кыргызстанда жакырлар көбөйүп, эл начар тамактанууда

© Sputnik / Светлана ФедотоваБишкектеги баш калкалоочу жайда селсаяк аял. Архив
Бишкектеги баш калкалоочу жайда селсаяк аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Жазылуу
Кризистен чыгууда кыргызстандыктар тамак-ашына, ден соолугуна терс таасирин тийгизген көрүнүш менен күрөшүү боюнча ар кандай стратегияларды колдонууда.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. COVID-19 пандемиясынан улам келип чыккан массалык экономикалык кризис Кыргызстанда жакыр жана жумушсуздардын санынын өсүшүн шарттады. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен өлкөнүн Статистика боюнча улуттук комитети биргеликте жарыялаган изилдөөсүндө айтылат.
Анда белгиленгендей, COVID-19 пандемиясы Кыргызстандагы эң жакыр адамдардын, өзгөчө шаар тургундарынын азык-түлүк коопсуздугуна жана туура тамактануусуна олуттуу коркунучтарды жаратты. Талдоо пандемияга чейин жана андан кийин өлкө боюнча чогултулган маалыматтарга негизделет.
"Салыштыруулар көрсөткөндөй, кирешенин төмөндөшү тамак-ашка болгон талапты азайтты. Муну менен кошо үй-бүлөлөрдө азык-түлүктү тандоодо да өзгөрүүгө алып келди. Башкача айтканда, жашылча-жемиш, эт сыяктуу витаминге бай азыктарды эмес, нан жана кумшекер сыяктуу калориялуу азыктарга басым жасап калышкан", — деп айтылат отчётто.
Жумушчу Гаитидеги базарда жүктөлгөн арабаны түртүп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021
COVID каары: 100 млн. адам жакырланып, 4 млрд. киши жардамсыз калды
Кризистен чыгууда кыргызстандыктар тамак-ашына, ден соолугуна терс таасирин тийгизген жагдай менен ар кандай күрөшүү жолдорун колдонууда. Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жакырчылык уланса, бул көрүнүштү өзгөртүү кыйын болорун эскертти.
Көпчүлүк үй-бүлөлөр оокаттарын сатып, акчасына азык-түлүк алып, башка чыгашаларды кыскартышты. Гуманитардык жардам сурап кайрылып жатышат. Мындай абалдагы бүлөлөрдүн саны 12ден 36 пайызга чейин өстү.
Иликтөөнүн авторлору Кыргызстандын бийлигин жакырчылыкты кыскартуу программаларына көңүл бурууну сунуштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0