Тогуз айда өлкөдө COVID-19ду канча киши жугузуп, канча адам көз жумду?

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2021
Жазылуу
Оору жугузуп алгандардын саны былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу 15 пайызга азайды. Вирус басаңдаган аймактардын сап башында Баткен, Талас облустары жана Бишкек шаары турат.
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Быйылкы тогуз ай ичинде Кыргызстанда 25 миң адамга коронавирус жугуп, анын ичинен 442 киши каза болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
"Оору жугузуп алгандардын саны былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу 15 пайызга азайды. Вирус сезилерлик төмөндөгөн аймактардын сап башында Баткен (2 эсе), Талас (1,6 эсе) облустары жана Бишкек (1,5 эсе) шаары турат", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми кайсы аймакта вирус жугузуп алгандар көп экенин айта турган болсок, медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны боюнча Бишкек шаары 44 пайыз менен алдыда турат. Андан кийинки орундарга Чүй (21 пайыз), Ысык-Көл (9 пайыз) жана Жалал-Абад облустары (8 пайыз) чыккан.
Медициналык кызматкер шприцте коронавирустан каршы вакцина менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Төрт вакцинанын каалаган түрүн аласыз. Бишкектеги даректер
Ооруканага түшүп калгандарга токтолсок, Чүй алдыда. Тогуз ай ичинде стационарга жатып дарылангандардын жалпы санынын 22 пайызы чүйлүктөр экени белгилүү болду. Ысык-Көлдүн тургундары бул көрсөткүчтүн 10 пайызын, бишкектиктер тогуз пайызын түзөт.
Эске салсак, акыркы убакта күн сайын 100гө чейин же андан ашыгыраак кишиден вирус аныкталууда. Каза болгондордун саны, бактыга жараша, беш кишиден төмөн.
17-ноябрдагы малымат боюнча, өлкөдө эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 1 050 051ге жетти (экинчи доза 830 720 адам).
Жаңылыктар түрмөгү
0