Бишкек шаарында жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 18 транспорттук жана жөө адам өтө турган беш жерге жаңы жол чырак орнотулду

Бишкектин 23 жерине жол чырак коюлду. Даректери

238
(жаңыланган 11:53 18.11.2021)
Мэрия жаңы жол чырактар биринчи кезекте жолдогу абалды жакшыртуу жана кырсыктардын санын азайтуу максатында орнотулуп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 18 транспорттук жана жөө адам өтө турган беш жерге жаңы жол чырак орнотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

  • В Бишкеке для обеспечения безопасности дорожного движения установлено 18 транспортных и 5 пешеходных светофоров
    Бишкек шаарында жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 18 транспорттук жана жөө адам өтө турган беш жерге жаңы жол чырак орнотулду
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • В Бишкеке для обеспечения безопасности дорожного движения установлено 18 транспортных и 5 пешеходных светофоров
    Бүгүнкү күндө 15 транспорттук жана үч жөө адам өтчү жерге жол чырак тесттик режимде иштеп жатат
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • В Бишкеке для обеспечения безопасности дорожного движения установлено 18 транспортных и 5 пешеходных светофоров
    Калганы дагы ишке киргизилүүдө.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 3
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Бишкек шаарында жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 18 транспорттук жана жөө адам өтө турган беш жерге жаңы жол чырак орнотулду

Билдирүүгө ылайык, бүгүнкү күндө 15 транспорттук жана үч жөө адам өтчү жерге жол чырак тесттик режимде иштеп жатат. Калганы дагы ишке киргизилүүдө.

"Быйылкы жылдын тизмеси боюнча 20 объектинин долбоордук-сметалык документин даярдоо пландалууда. Алар келерки жылы курулат. Тизме шаардыктардын кайрылууларынын, райондук акимчиликтердин сунуштарынын негизинде жана борбор калаанын ЖКККБнын корутундусун эске алуу менен түзүлдү. Жол чырак негизинен мектептердин, бала бакчалардын жанында жана эл көп жүргөн жерлерде орнотулат", — деп айтылат маалыматта.

Жол чырак төмөнкү даректерде коюлду:

  • Элебесов — Курманалиев көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • Орозбеков — Щербаков;
  • Сүйүнбаев — Токтогул;
  • Ауэзов — Көлбаев;
  • Москва — Тыныстанов;
  • Садыгалиев — Жамгырчинов;
  • Үмөталиев — Фрунзе;
  • Бөкөнбаев — Шопоков (№67 мектеп);
  • Асаналиев — Алтымышев;
  • Профсоюз — Месароша;
  • Профсоюз — Кайназарова;
  • Дэн Сяопин — Кустанай;
  • Жукеев-Пудовкин — Саманчин;
  • Көлмө конушундагы №78 мектептин жанына, Алыбаев — Жеткинчек көчөлөрү;
  • Бакай-Ата конушундагы №85 мектептин жанына, Бакай-Ата — Ак-Талаа көчөлөрү;
  • Калыс-Ордо конушундагы №86 мектептин жанына;
  • Токтогул — Гоголь;
  • Тыныстанов, Гоголь, Жумабек;
  • Махатма Ганди — ИСИТО (жөө адамдар өтүүчү жол чырак);
  • 7-апрель — Улан-2 кичи району (жөө адамдар өтүүчү жол чырак);
  • Сүйөркулов — 4-кичи району, №17 мектептин жанына (жөө адамдар өтүүчү жол чырак);
  • Кара-Жыгыч конушу — Оберон 10, №91 мектептин жанына (жөө адамдар өтүүчү жол чырак);
  • Гагарин 11, №25 мектептин жанына (жөө адамдар өтүүчү жол чырак).

Мэрия жаңы чырактар жол кыймылын жөнөкөйлөтүү, ошондой эле коопсуздукту сактоо, биринчи кезекте жолдогу абалды жакшыртуу жана кырсыктардын санын азайтуу максатында орнотулуп жатканын белгиледи.

Ошондой эле коомдук транспорттун иштеши боюнча суроолор болсо, шаардык транспорт башкармалыгынын колл-борборуна: 0 (312) 53-36-48 номери аркылуу байланышсаңыз болот, ал эми сүрөт жана видеолорду WhatsApp: 0 (502) 205-202 номерине жөнөтүүгө мүмкүн.

238
Белгилер:
Бишкек, жол чырак, жол, коопсуздук, мэрия
Тема боюнча
Бишкектеги коомдук транспорттун иши боюнча кайда кайрылса болот? Номерлер
Россиянын федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Казбек Тайсаев

Байкоочу: башка мамлекеттер Кыргызстандын шайлоо системасын киргизиши керек

17
Чет элдик байкоочу Россияда добуштарды кайталап саноо үчүн соттун чечими керек экенин, ал эми Кыргызстанда бул мыйзам жүзүндө жолго коюлганын белгиледи.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Автоматтык түрдө санаган электрондук урнанын (АСУ) эсебинин негизинде чыгарылган шайлоонун болжолдуу жыйынтыгынан кийин кол менен кайра эсептөө гана шайлоонун 100 пайыз ачыктыгын камсыздай алат. Бул тууралуу Россиянын федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Казбек Тайсаев билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочуларынын брифингине катышты.

"Кыргызстанда шайлоо биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен өтүүдө. Добуш берүү бүткөндөн кийин комиссия мүчөлөрү бюллетендерди кайра санашат. Мунун баары шайлоонун 100 пайыз айкындуулугун камсыздайт. Бул башка мамлекеттер үйрөнө турчу нерсе. Силер киргизген системаны колдонсо болот", — деген Тайсаев.

Ал белгилегендей, Россияда дагы добуштарды электрондук түрдө санаган жабдык иштейт, бирок андан алынган маалыматтар текшерилбейт. Кайра саноо үчүн соттун чечими керек. Кыргызстанда бул мыйзам жүзүндө жолго коюлган.

Тайсаев парламенттик шайлоону уюштурууга жогорку деңгээлде баа берип, добуш берүүчүлөргө бардык шарттар түзүлгөнүн кошумчалады.

17
Белгилер:
Кыргызстан, шайлоо, байкоочу, система
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Бишкекте парламенттик шайлоонун жүрүшүн көрсөткөн 15 сүрөт
Бекматов: парламенттик шайлоого элдин катышуусу төмөн болууда
Ысык-Көлдүн Тоң районунда баш кошкон эки жаш парламенттик шайлоодо добуш беришти

ЗАГСтан түз шайлоого. Ысык-Көлдө жаңы үйлөнгөн эки жаштын добуш берген сүрөтү

74
(жаңыланган 16:53 28.11.2021)
Бул окуя облустун Тоң районундагы №3212 шайлоо участкасында болгон. Эки жаш үлпөт кийимчен келишкен.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Тоң районунда баш кошкон эки жаш парламенттик шайлоодо добуш беришти. Мындай маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн Facebook баракчасына жазып, сүрөттөрүн чыгарды.

  • Молодожены участвуют на выборах депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в избирательном участке №3212 в Тонском районе Иссык-Кульской области. 28 ноября 2021 года
    Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Кыргызстана
    © Фото / пресс-служба ЦИК КР
  • Молодожены участвуют на выборах депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в избирательном участке №3212 в Тонском районе Иссык-Кульской области. 28 ноября 2021 года
    Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Кыргызстана
    © Фото / пресс-служба ЦИК КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба ЦИК КР
Выборы депутатов Жогорку Кенеша VII созыва в Кыргызстана

Жаштар ЗАГСтан түз эле шайлоо тилкесине келишкен. Бул окуя облустун Тоң районундагы №3212 шайлоо участкасында катталды.

Эске салсак, бүгүн өлкөдө Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо жүрүп жатат. Бул ирет шайлоо мурдагыларга салыштырмалуу башка эреже менен өтөт. 54 талапкер партиялык тизме (пропорционалдык система), калган 36сы бир мандаттуу округ (мажоритардык система) менен келет. Парламенттин VII чакырылышында депутаттардын саны 90 болот.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саат 14:00гө карата шайлоочулардын 16,27 пайызы добуш берди. Бул 602 432 кыргызстандык шайлоого катышканын түшүндүрөт.

74
Белгилер:
шайлоо, Жогорку Кеңеш, Ысык-Көл, үлпөт, той
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
ИИМ өкүлү: шайлоочуларды ташуу, добуш сатып алуу боюнча даттануулар түшүүдө
Шайлоого катышкандардын саны канчага жетти? Саат 14:00гө карата маалымат