Дело № папкасы менен киши. Архив

Инспекторду капотуна сүйрөп кеткен айдоочуга иш козголду

161
(жаңыланган 17:52 18.11.2021)
Милиционер жаракат алган эмес. Ал эми айдоочу Октябрь райондук ИИБге жеткирилген. Окуя бүгүн Горький көчөсүндө болгон.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Милициянын патрулдук кызматынын инспекторун капотуна сүйрөп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин күбөлөр бишкектик таксист инспекторду капотуна сүйрөп кеткен окуянын видеосун жөнөтүшкөн. Милиционер жаракат алган эмес. Ал эми айдоочу Октябрь райондук ИИБге жеткирилген. Окуя бүгүн Горький көчөсүндө болгон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sputnik Кыргызстан (@sputnik.kg)

Айдоочу Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча шектелип жатат. Милициядан билдиришкендей, анын жанында айдоочулук күбөлүгү да жок болуп чыккан. Шектүүнүн "Коопсуз шаар" долбоору боюнча төлөнө элек 15 айып пулу бар экени айтылды.

Айдоочу камакка алынган жок. РИИБде тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

161
Белгилер:
Бишкек, милиция, инспектор, капот, кылмыш, эреже
Тема боюнча
Жети-Өгүздө унаа аласалып кетип, бир аял көз жумду
"Түндүк электрдин" унаасындагы үч адам көз жумган. Чүйдөгү кырсыктын чоо-жайы
Капотко сүйрөлүп, жерге жыгылып... Бишкекте милиционерди сүзгөн учурдун видеосу
Башкы прокурор Курманкул Зулушев. Архив

Кирешесинен чыгашасы көп. Баш прокурор Зулушевдин кандай мал-мүлкү бар

59
(жаңыланган 18:00 06.12.2021)
Баш прокурордун жакын туугандары былтыр 250 миң сом киреше тапса, чыгашасы 4,9 миллион сомго жеткен.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Салык кызматы башкы прокурор Курманкул Зулушевдин мал-мүлкү тууралуу 2020-жылга карата тапшырган декларациясын жарыялады.

Документке ылайык, башкы прокурор бир жылда 750 722 сом иштеп тапкан, чыгашасы жазылган эмес. Ал Toyota (үлгүсү көрсөтүлгөн эмес) автоунаасына, 70 миң сомдук эмерек, 25 миң сомдук компьютер жана техникага ээлик кылат. Мындан сырткары, 250 миң сомго бааланган бодо малы, 700 миң сомдук жылкы, 1 650 000 сомдук таза кандуу аргымактары бар.

Ал эми жакын туугандары 2020-жылы 250 миң сом киреше чогулткан. Ошол эле учурда чыгашасы 4,9 миллион сомго жеткен. Алардын 119 чарчы метрлик турак жайы, аянты 8,1 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси бар.

Белгилей кетсек, Курманкул Зулушев 2020-жылдын октябрь айына чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген.

59
Белгилер:
Курманкул Зулушев, мал, мүлк, декларация, Башкы прокурор, туугандар
Тема боюнча
Жер тилкеси 20дан ашып... Жээнбеков президент болгондон кийин канчалык байыган
Садыр Жапаров жана анын үй-бүлөсү кандай мал-мүлккө ээлик кылары жарыяланды
Кишилер майрам учурунда. Архив

Бишкек мэриясы жаңы жылдык кечеден баш тартып, акчасын кайрымдуулукка жумшайт

25
(жаңыланган 17:40 06.12.2021)
Мэрия Бишкектеги башка эмгек жамааттарын бул демилгени колдоп, муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүүгө чакырат.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы жаңы жылдык кечеден баш тартып, ага кетчү каражатты кайрымдуулукка жумшамай болду. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Маалыматка караганда, мындай чечимди шаар жетекчилигине тиешелүү бардык мекемелер колдоду.

"Азыркыдай эпидемиологиялык жана экономикалык оор кырдаалда COVID-19 сыяктуу негизги көйгөйлөрдү унутпашыбыз керек. Андыктан аны менен күрөшүүдө калктын аялуу катмарына жардам беребиз. Бул максатта мэрия кызматкерлери жаңы жылдык көңүл ачуу кечесинен баш тартып, ага кеткен каражатка социалдык мекемелерге керектүү буюм-тайымдарды жана тиричилик техникаларын сатып берет", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан ташкары, мэрия Бишкектеги башка эмгек жамааттарын бул демилгени колдоп, муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүүгө чакырат.

Кайрымдуулук акциясын колдогон жамааттарга муниципалитет жардамга муктаж мекемелердин тизмесин бермекчи.

25
Белгилер:
Бишкек мэриясы, Жаңы жыл, кече, кайрымдуулук
Тема боюнча
Мэрия: быйыл Жаңы жылдын түнүндө салют атылбайт
2022-жылы кандай окуялар болот? Ванга менен Нострадамустун айткандары
Аткаминер. Архив

Жогорку Кеңештин эң бай алты депутаты. Тизме

0
(жаңыланган 18:42 06.12.2021)
Материалда жылдык кирешеси 10 миллион сомдон ашкан депутаттар көрсөтүлгөн. Алардын сап башында Азамат Арапбаев турат.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Салык кызматы Жогорку Кеңеш депутаттарынын 2020-жылга карата тапшырган декларациясын жарыялады.

Sputnik Кыргызстан эң көп киреше тапкан алты эл өкүлүнүн декларациясын карап көрдү. Белгилей кетсек, материалда учурдагы статусуна карабай былтыр депутат болуп тургандар көрсөтүлдү.

Рейтинг боюнча Азамат Арапбаев депутаттардын эң байы аталды. Ал өткөн жылы 54,4 миллион сом киреше чогулткан.

Депутат ЖК 6 созыва Азамат Арапбаев от фракции СДПК. Архивное фото
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Азамат Арапбаев

Экинчи орунда экс-премьер-министр Данияр Үсөновдун (азыр Даниил Урицкий деген ат менен белгилүү) мурдагы жубайы Динара Исаева турат. Ал 28,8 миллион сом тапкан.

Үчүнчү сапка илинген Исхак Пирматовдун жылдык кирешеси 16,8 миллион сомду түзөт.

Ал эми Салайдин Айдаров 16 миллион сомго чукул каражаты менен төртүнчү орунду ээледи.

Бешинчи орунда турган Орозбек Алыбаевдин былтыр 12,5 миллион сом иштеп тапканы белгилүү болду.

Иса Өмүркуловдун кирешеси дагы 12,5 миллион сомго чукулдап, алтынчы орунга чыкты.

Мындан башка депутаттардын бир жылда иштеп тапкан акчасы 10 миллион сомго жеткен эмес.

0
Белгилер:
Азамат Арапбаев, депутат, киреше, байлык
Тема боюнча
Жер тилкеси 20дан ашып... Жээнбеков президент болгондон кийин канчалык байыган
Кирешесинен чыгашасы көп. Баш прокурор Зулушевдин кандай мал-мүлкү бар