Кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдү Түркиянын медициналык ЖОЖдорунда окутуу талкууланды

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүМедициналык университеттин студенттери сабак учурунда. Архив
Медициналык университеттин студенттери сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2021
Жазылуу
Түркияда Бишкек шаарындагы кыргыз-түрк ооруканасын жарандарга ыкчам медициналык жардам көрсөткөн жайлардын катарына кошуу чечими кабыл алынган.
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдү Түркиянын медицина боюнча билим берген жогорку окуу жайларынан окутуу маселесин бүгүн аталган эки мамлекеттин саламаттык сактоо министрлери Алымкадыр Бейшеналиев жана Фахреттин Кожа талкуулады.
Министрликтин маалымат кызматы Бейшеналиев Анталья шаарында санарип боюнча өткөн эл аралык конференцияга катышкандыгын билдирди.
Рабочая поездка президента КР Садыра Жапарова в Стамбул - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2021
Жапаровдун Түркияга болгон сапары. Саммит эмне менен жыйынтыкталды
Эки министр саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу боюнча маселелерди талкуулаган. Бишкек шаарындагы кыргыз-түрк ооруканасын жарандарга ыкчам медициналык жардам көрсөткөн жайлардын катарына кошуу чечими кабыл алынган. Эми аталган оорукана Тез жардам жүрөк-кан тамыр оорулары менен алып келген бейтаптарды кабыл алмакчы.
"Бул элге медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат. Зарылдык жаралса ангиографиялык текшерүүдөн өткөрүп, стент койгон операциялар жасалат", — деп билдиришти.
Мындан сырткары, жыл сайын 20 ординаторду Түркиядан окутуу маселесин тез арада чечүү боюнча да талкуу болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0