Министрлик: вакцина алгандардын арасында коронавирустан каза болгондор жок

© REUTERS / KIM HONG-JIКиши COVID-19га каршы вакциналарды алып жатат. Архив
Киши COVID-19га каршы вакциналарды алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2021
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда COVID-19 менен ооругандардын саны кыскарып жатканын айтып, вакцина алгандар боюнча маалымат берди.
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Вакцина алган 1,9 миллион кыргызстандыктын арасында коронавирустан көз жумгандар жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги ыкчам штабдын жыйынында билдирди.
Министрлик өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны азая баштаганын кабарлап, кош бойлууларга, бала эмизгендерге жана өспүрүмдөргө эмдөөдөн өтүүгө уруксат берилгенин эскертти.
"Вакцина алган 1,9 миллион кыргызстандыктын арасында коронавирустан каза болгондор жок. Ошондой эле препарат терс таасирин тийгизген учурлар катталган эмес. Эмделгендердин бир пайызга жетпегени препараттын кыйыр таасирин сезгенин билдирген (баш оору, температура)", — деп айтылат маалыматта.
Жыйында 28-ноябрь, шайлоо күнү өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал туруктуу болорун болжошту.
Жаңылыктар түрмөгү
0