Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны азайды

© Sputnik / Жоомарт УраимовДоллар жана сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт
Доллар жана сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Мурда чакан кредиттер көбүнесе айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүү үчүн алынса, азыр көбүнчө керектөөчүлүк багытында алына баштады.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Жыл башынан бери Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны 10 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
"2021-жылдын январь-сентябрь айларында микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан дээрлик 490 миң адамга 27,4 миллиард сом насыя берилген. Бул мурдагы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу алгандардын саны 10 пайызга кыскарып, бирок берилген каражаттын көлөмү 17 пайызга көбөйдү дегенди түшүндүрөт", — деп айтылат маалыматта.
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Россиялык борбор кыргыз ишкерлерине жеңилдетилген насыя берүү ниетинде
Микрокредиттердин эң көп көлөмү Ош (берилген чакан насыялардын жалпы көлөмүнүн 22,4 пайызы) шаарынын тургундарына берилди. Андан кийинки орундарда Бишкек шаары (17,8 пайыз), Чүй (14,2 пайыз) жана Жалал-Абад (14 пайыз) облустары турат.
Ал эми кайсы багыттарга жумшалганына токтолсок, биринчи орунда 36 пайыз менен керектөөчүлүк насыясы чыккан. Экинчи орунга мурда лидер болуп келген айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүү үчүн алынган кредиттер илинди (30 пайыз). Үчүнчү орунда 10 пайыз менен соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсү турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0