Кан эмне себептен "майлуу" болот? Пайда-зыянын гематолог түшүндүрдү

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКан тапшыруу учурунда донор
Кан тапшыруу учурунда донор - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Дарыгердин айтымында, кандын курамында май нормасынан жогору болсо, аны "майлуу" деп атап коюшат. Бул көбүнесе зат алмашуу бузулган учурда кездешет.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Эмне себептен кан "майлуу" болорун жана анын кесепети кандай экенин Sputnik радиосунун эфиринде Москва шаарындагы Рогачев атындагы балдардын гематология борборунун бөлүм башчысы Павел Трахтман айтып берди.
Дарыгер түшүндүргөндөй, кандын курамында май нормасынан жогору болсо, аны "майлуу" деп атап коюшат. Бул көбүнесе зат алмашуу бузулган учурда кездешет.
"Көбүнчө мындай көйгөй толук адамдарда болот. Май көп болгондо толугу менен кайра иштелип чыгууга жетишпей, кан тамырлардын ички бөлүгүнө жабышып кала берет. Ошондой эле майлуу жана туура эмес тамактануу дагы канга бир топ кесепетин тийгизет. Жыйынтыгында атеросклероз баш болгон олуттуу илдеттер өрчүй баштайт", — деди Трахтман.
Адистин пикиринде, кан "майлуу" болгон учурда башка оорулар боюнча диагноз коюуга тоскоолдук жаралат.
Кан алып жаткан медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2021
Дарыгер кант диабети эмнеден улам күчөп кетерин айтты
"Мындай учурда канга биохимиялык же башка анализдерди жүргүзүү өтө татаал. Мисалы, айрым жыныстык илдеттерди аныктоо учурунда инфекция жок учурда деле бар деп көрсөтүп коюшу мүмкүн", — деди гематолог.
Андыктан дарыгер толук адамдарга зарыл болгон учурда бир анализди бир нече жолу тапшырып көрүүнү сунуштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0