Кыргызстанда 3000 качкынды кабыл алууга даярданган машыгуу башталды

© Фото / пресс-служба МЧСКачкындарды кабыл алуу боюнча Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун атайын машыгуулары
Качкындарды кабыл алуу боюнча Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун атайын машыгуулары  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Машыгууда качкындарды тосуп алуу жана коштоо, ошондой эле аларды каттоо, фильтрациялоо пунктунан өткөрүү иштери жасалат.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 19-20-ноябрь күндөрү качкындарды кабыл алуу боюнча Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун атайын машыгуулары өткөрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын машыгуу өлкө аймагында качкындарды кабыл алуу, жайгаштыруу жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү даярдоо боюнча чараларды ишке ашырууга байланышкан маселелер ырааттуу окутулат.
Анда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жаңы-Жер айылында, Баткен облусунун Лейлек районундагы Маргун айылында жана Ош облусунун Алай районундагы Бор-Дөбө айылында үч чатыр шаарчасы жайгаштырылып, ага 3000ден ашуун качкынды кабыл алуу боюнча практикалык иш-чаралар өткөрүлөт.
Контрольно-пропускной пункт Ислам-Кала под контролем Талибана - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Кыргызстанга Афганистандан качкындар келдиби? Расмий жооп
Анын жүрүшүндө качкындарды тосуп алуу жана коштоо, ошондой эле аларды каттоо, фильтрациялоо пунктунан өткөрүү иштери жасалат.
Машыгууга президенттин Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери жана Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү катыша турганы айтылды.
Качкындарды кабыл алуу боюнча бардык практикалык аракеттер жана элементтер Бишкек шаарында ӨКМдин имаратында жайгашкан Республикалык штабдын жетекчилигине онлайн түрүндө көрсөтүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0