Кыргызстан менен Татарстан мигранттарды окутуу боюнча кызматташат

© Фото / пресс-служба Министерства труда, социального обеспечения и миграции КРМинистр Кудайберген Базарбаев менен Казань федералдык университетинин ректору Ильшат Гафуров менен жолугушуу учурунда
Министр Кудайберген Базарбаев менен Казань федералдык университетинин ректору Ильшат Гафуров менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Министр Кудайберген Базарбаев менен Казань федералдык университетинин ректору Ильшат Гафуров кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Казань федералдык университети (КФУ) мигранттарды окутуу жана жумушка орноштуруу боюнча кызматташат. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Маалыматка караганда, министр Кудайберген Базарбаев менен Казань федералдык университетинин ректору Ильшат Гафуров кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Документке ылайык, эмгек мигранттарынын квалификациясын жогорулатуу жана жумушка орноштуруу боюнча иштер аткарылат.
"Биздин маалыматтар боюнча, Татарстанда 25-30 миңге чукул кыргызстандык жашайт. Келишим эки тараптуу кызматташууну кеңейтет. Татарстандагы кыргызстандыктар Россиянын ушул субъектисинде керектүү болгон адистикке ээ боло алышат", — деди Базарбаев.
Гафуров КФУ орус тилин чет тил катары үйрөтүүгө уруксат берилген 14 федералдык окуу жайдын катарын толуктай турганын, каалоочулар тил жагынан да билим алса болорун белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0