Кыргызстанда 2022-жылы кайсы күндөр дем алыш болот? Календарь

© Sputnik / Акылбек БатырбековАла-Тоо аянтындагы жаңы жылдык балаты. Архив
Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык балаты. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Жаңы жылда кыргызстандыктарды 14 майрамдык күн күтүп турат. Анын ичинде Орозо жана Курман айт бар. Ошондой эле дем алыш күндөргө туура келе турган эки майрам бар.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги 2022-жылга карата өндүрүш календарын бекитти.
Анда иш жана дем алыш күндөр, ошондой эле майрамдар көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, 2022-жылдагы иш күнү алты күн иштегендер үчүн дагы, беш күн иштегендер үчүн дагы бекитилди.
© Фото / Министерство труда, соцобеспечения и миграции КРЭмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги 2022-жылга карата өндүрүш календарын бекитти
Календарь выходных дней в Кыргызстане в 2022 году - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги 2022-жылга карата өндүрүш календарын бекитти
Майрам күндөр:
  • 1-январь — Жаңы жыл;
  • 7-январь — Рождество;
  • 23-февраль — Ата Мекенди коргоо күнү;
  • 8-март — Аялдардын эл аралык күнү;
  • 21-март — Нооруз майрамы;
  • 7-апрель — Элдик апрель революциясы;
  • 1-май — Эмгекчилердин күнү;
  • 5-май — Кыргызстандын Конституция күнү;
  • 9-май — Жеңиш күнү;
  • 31-август — Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү;
  • 7 жана 8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү.
© Фото / Министерство труда, соцобеспечения и миграции КРМинистрлик эгер майрам күндөр дем алыш күндөргө туура келип калса, кийинки күн дем алыш катары эсептелерин эскертти
Календарь выходных дней в Кыргызстане в 2022 году - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Министрлик эгер майрам күндөр дем алыш күндөргө туура келип калса, кийинки күн дем алыш катары эсептелерин эскертти
Мусулмандардын Орозо айт жана Курман айт айга карап аныкталат. Бул күндөр дагы майрам катары эсептелет.
Депутаттыкка талапкерлер качан каттоодон өтөт? Шайлоо этаптарынын календары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Депутаттыкка талапкерлер качан каттоодон өтөт? Шайлоо этаптарынын календары
Министрлик эгер майрам күндөр дем алыш күндөргө туура келип калса, кийинки күн дем алыш катары эсептелерин эскертти.
Мында Жаңы жыл (январь) ишембиге туура келгендиктен, 3-январь (дүйшөмбү) дем алыш күн болот. Бул беш күндүк жумушчу күн менен иштегендерге тийиштүү. 1-Май майрамы (жекшемби) 2-майга (дүйшөмбү) жылат.
Дем алыш күндөрүн рационалдуу колдонуу үчүн министрлер кабинети өзүнүн токтому менен майрамдык дем алыш күндөрдү жылдыра алат.
Майрам алдындагы кыскартылган күндөр: 6-январь, 22-февраль, 7-март, 6-апрель, 4-май, 30-август.
Жаңылыктар түрмөгү
0