Бишкектиктер газдын жытына даттанууда. "Газпром Кыргызстан" эмне дейт

© Sputnik / Акылбек БатырбековТүнкү Бишкек. Архив
Түнкү Бишкек. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
"Газпром Кыргызстан" компаниясынын бригадалары шаардыктар айткан даректерге барып жатышат. Газдын жыты калаанын борбордук бөлүгүндө да сезилүүдө.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүгүндө жана башка аймактарында газ жыттанып жатканын шаар тургундары кабарлашты.
"Бишкек сегодня" Telegram каналында газдын жыты ЦУМдун аймагында, Чүй проспекти менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишкен жеринде да сезилип жатканын айтышууда.
"Газпром Кыргызстан" компаниясынын маалымат кызматы авариялык бригадалар айтылган жердин баарына барып текшерип чыкканын белгиледи. Азырынча газ чыгып жатышы мүмкүн деген маалымат тастыктала элек.
Ишкана кошумча маалымат берүүнү убадалады.
Бишкекке жааган киргилт кар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Бишкекке жааган киргилт кар. Кыргызгидромет эмне дейт?
Саат 20:27лерде Чыгыш-5 кичи районундагы арыздануулар боюнча тийиштүү мекеме жооп берди. Маалым болгондой, бригадалар аталган райондогу газ түтүктөрү менен кудуктарды бир нече жолу текшерип чыгышкан. Эч нерсе табылган эмес.
Свердлов райондук администрациясы "Газпром Кыргызстан" ишканасына билдирүү жөнөткөнүн кабарлады. Акимчилик дагы кырдаалды түшүндүрүүгө аракет кылууда.
Саат 21:10до "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматы "Бишкек газ" филиалынын авариялык кызматтары газдын жыты чыгып жатат деген жерлерди атайын жабдуу менен карап чыгышканын айтып, абадан метандын изи табылбаганын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0