Камактагы адам. Архив

Бишкекте инспекторду сүйрөп кеткен таксист камакка алынды

157
(жаңыланган 21:11 19.11.2021)
Камалган айдоочу 31 жашта экени айтылды. Ал милиционердин талабын аткарбай койгон. Инспектор жаракат алган эмес.

БИШКЕК, 19-ноя.— Sputnik. Милициянын патрулдук кызматынын инспекторун капотуна сүйрөп кеткен таксист камакка алынды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин күбөлөр бишкектик айдоочу инспекторду капотуна сүйрөп кеткен окуянын видеосун жөнөтүшкөн. Милиционер жаракат алган эмес. Ал эми айдоочу Октябрь райондук ИИБге жеткирилген. Окуя кечээ, 18-ноябрда, Горький көчөсүндө болгон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sputnik Кыргызстан (@sputnik.kg)

Маалым болгондой, айдоочуга Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") боюнча кылмыш иши козголгон. РИИБ таксист жол эрежесин бузгандыктан инспектор аны токтотууга аракет кылганын билдирген. Бирок айдоочу талапты аткарбай милиционерди капотуна сүйрөп кеткен. Шектелип жаткан адам 31 жашта. Учурда анын Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында экени кошумчаланды.

157
Белгилер:
Бишкек, инспектор, айдоочу, камак
Тема боюнча
Бишкекте таксист инспекторду капотуна сүйрөп кетти. Видео
Инспекторду капотуна сүйрөп кеткен айдоочуга иш козголду
Капотко чап жармашкан, сүйрөлгөн, жөөлөнгөн милиционерлер. Видео топтом
Киши сом купюралары менен. Иллюстративдик сүрөт

ИИМ айрым талапкерлер бир добуштун "баасын" канчага көтөргөнүн айтты

21
(жаңыланган 16:31 28.11.2021)
Милициянын маалыматы боюнча, талапкерлер добуш сатып алуу үчүн 1000 сомдон 3000 чейин сунуштап жатат.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Нарын жана Ош облустарында добуш сатып алуу фактысы көбүрөөк катталууда. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү Султан Макилов билдирди.

Анын айтымында, шайлоо процесси башталгандан бери добуш сатып алуу боюнча 49 факты катталган. Анын ичинен жетөө тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү.

"Бизге түшкөн маалыматтарда добуш сатып алуу үчүн шайлоочуларга 1000 сомдон 3000 чейин сунуштап жатканы аныкталды. Кээде акча түрүндө эле эмес, жол салып же кандайдыр бир объект куруп берүүгө аракет кылгандар бар. Мындай учурлар Бишкекте мурункудай болбой, азайып калды. Көбүнчө Нарын жана Ош облустарынан катталууда", — деди Макилов.

Ошондой эле ал бүгүн добуш сатып алуу боюнча фактылар аныкталбаганын кошумчалады.

Мындан сырткары, тергөөчү "административдик ресурсту колдонуу" беренеси боюнча 39 факты катталганын белгиледи. Анын ичинен тогузу тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлгөн. Мындай мыйзам бузууга баргандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте, Ош облусу жана шаарында болууда.

Шайлоонун жүрүшү тууралуу соңку маалыматтарды, сүрөт, видеолорду Sputnik Кыргызстандын онлайн репортажынан көрө аласыздар.

21
Белгилер:
Жогорку Кеңешке шайлоо, добуш, сатып алуу, тергөөчү
Тема:
Жогорку Кеңешке шайлоо 2021
Тема боюнча
260 миң сомдук айып, 2,5 жылдык түрмө. Шайлоо эрежесин бузгандар кантип жазаланат
Шайлоодон уткан кээ бир талапкерлерге мандат берилбей калышы мүмкүн. Себеби
Шайлоо участогунда биометрикалык идентификациядан өтүп жаткан адам

ИИМ өкүлү: шайлоочуларды ташуу, добуш сатып алуу боюнча даттануулар түшүүдө

20
(жаңыланган 16:16 28.11.2021)
Тергөөчүнүн айтымында, фактылар текшерилгенден кийин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталат, такталбаса журналдан чийилет же БШКга чара көрүү үчүн өткөрүп берилет.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Шайлоо процессинин жүрүшүндө милицияга мыйзам бузуу боюнча 15 даттануу келип түштү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Нарисбек Кыдырбаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин пресс-борборунда өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ал "Шайлоодогу коррупция тууралуу: ИИМ, байкоочулар жана Коррупцияга каршы ишкердик кеңеш" аттуу брифингге катышты.

"Саат 14:00гө карата шайлоо процессин бузуу боюнча 15 арыз келип түштү. Ар бири текшерилип, маалыматтарды каттоо журналына киргизилди. Текшерүүдөн кийин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталат, такталбаса журналдан чийилет же БШКга чара көрүү үчүн өткөрүп беребиз. Даттануулар шайлоочуларды ташуудан баштап добуш сатууга чейин болууда. Бирок алар азыр текшерилип жатканын белгилейбиз", — деди Кыдырбаев.

Ички иштер министрлигинин өкүлү белгилегендей, үгүт иштеринин жүрүшүндө пара алуу боюнча 49 факты катталып, анын 24ү өндүрүшкө алынып, 3 факты сотко жөнөтүлгөн, ал эми 22 факты аныкталбаганына байланыштуу иштер токтотулган.

Ал ошондой эле административдик ресурсту пайдалануу боюнча фактылар катталбаганын кошумчалады.

20
Белгилер:
ИИМ, шайлоо, даттануу, добуш
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Шайлоого катышкандардын саны канчага жетти? Саат 14:00гө карата маалымат
Шайлоодон уткан кээ бир талапкерлерге мандат берилбей калышы мүмкүн. Себеби
Бишкекте парламенттик шайлоонун жүрүшүн көрсөткөн 15 сүрөт